ВИДЕО — Пачка доллар, 30 батир менен камалган бажычы Айтмаматов үй камагына эмнеге бошотулду?

ВИДЕО — Пачка доллар, 30 батир менен камалган бажычы Айтмаматов үй камагына эмнеге бошотулду?

“Мыйзамсыз баюуга” шектелип кармалган Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов, бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунун 1-июлда чыгарган чечимине ылайык өзгөртүлүп, үй камагына чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Айтмаматов сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында мамлекеттик чыгым катары аныкталган 100 млн. сомдун 74 млн. 517 миңин төлөп берген. 12-июнда сот баш коргоо чарасын карап, 10-августка чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган болчу.

Эске сала кетсек, УКМК Түштүк-батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматовду 10-июнда кармап,  тергөө абагына киргизген. Ага «бажыда товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп, товарлардын жалган транзитин уюштуруп көмүскө киреше алып турган» деген айып коюлган эле…

11-июнда УКМК анын үйүн, иш ордун тинтүү учурунда тартылган видеону жарыялаган. Ал видео Айтмаматовдун үйүнөн чыккан пачка-пачка долларлар, сомдуктар, кол саат, зер буюмдар, тапанча жана мыйзамсыз жол менен табылган мүлктөрү деп жалпы баасы 4,5 миллион АКШ долларына барабар 30дан ашуун элиталык батир1 миллион доллар чегинде деп бааланган 10дон ашуун автоунаанын сүрөттөрү менен коштолгон…

40тын кырындагы Нурбек Айтмаматов бажы тармагына 2002-жылы келген. Баштапкы жылдарда катардагы инспектор, кийин улук инспектор, ага инспектор, 2018-жылдары жетекчи, ага инспектор кызматтарын аркалап, 2020-жылдан тартып жогорку жетекчилик кызматтарга көтөрүлгөн. Тагдыр тамашасыбы,  2020-жылы Айтмаматов өзү Бажы кызматындагы кыңыр иштерге бөгөт коюучу Ички иликтөө жана коррупцияга каршы бөлүмүн башкарып турган. Ал эми Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси кызматына ушул жылдын 8-февралында дайындалган эле.

Айтмакчы, ошол дайындоодон бир ай өтүп-өтпөй «Кактус» маалыматтык порталы жаӊы жетекчинин байлыктары тууралуу бир топ кызык маалыматты камтыган журналисттик иликтөө жарыялаган болчу… 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.