Таалатбек МАСАДЫКОВ: «Көп улуттуу өлкөбүзгө тынчтык, ачык асман, өсүп-өнүгүүнү каалайм»

Таалатбек МАСАДЫКОВ: «Көп улуттуу өлкөбүзгө тынчтык, ачык асман, өсүп-өнүгүүнү каалайм»

Бүгүн, 20-июль – Курман айт. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады:

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Жакшылыктын жана бакыттын чын ыкластуу каалоолору менен сиздерди ушул эң сонун күн — Курман Айт майрамыңыздар менен куттуктайм!

Курман Айт — адамдардын биримдиги жана кайрымдуулугу, достук жана бири-бирибизге жардамдашуу сыяктуу олуттуу баалуулуктарды камтыган эң маанилүү мусулман майрамдарынын бири. Ушул даңазалуу жана жаркын майрам күнү сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө тынчтык, жакшылык, бакубат жашоону каалайм. Жаратканыбыз сиздердин каалоо тилектериңиздерди кабыл алып, үйүңүздөрдү кубанычка жана сүйүүгө толтурсун. Көп улуттуу өлкөбүзгө тынчтык, ачык асман жана өнүгүп-өсүүнү каалайм.

Маалымат үчүн: Айт намаз аянтта эмес, мечиттерде окулат

Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 20-июль – дем алыш күнү деп жарыяланган. Пандемияга байланыштуу былтыр айт намазы борбордук аянттарда да, мечиттерде да окулбай турган болгон, быйыл мечиттерде окууга гана уруксат берилди. Бирок талап кылынгандай кол алышуу, кучакташып көрүшүүгө болбойт, беткап тагынуу, ортодогу 1,5 метр аралык сактоо шарт.

Айт майрамыбыз маарек болсун!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.