36-орунду ээлеген жөө күлүк Дарья Маслова биз уктап жатканда чуркап кетиптир да …

36-орунду ээлеген жөө күлүк Дарья Маслова биз уктап жатканда чуркап кетиптир да …

Бүгүн, 7-августта, Токиодогу XXXII Жайкы олимпиада оюндарынын соӊку мелдештеринин бири болгон кыз-келиндер арасындагы марафондо жөө күлүгүбүз Дарья Маслова байгеге илинбей калды дейт Токиодон Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов. Дарья 42 км 195 м аралыкты 2 саат 35 мүнөт 35 секундада чуркап өткөн. Алтынды алган кениялык Перес Жепчирчирдин жыйынтыгы —  2 саат 27 мүнөт 20 секунда

Дарья Маслова 88 жөө күлүк менен мөөрөй талашты…

Узактыгы 42 киломерт 195 метрге созулган жарыш Саппоро шаарында өттү. Чуркоого Токио убактысы боюнча саат 7.00дө, Бишкек убактысы боюнча таңкы 4.00дө старт берилди. Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону, Кыргызстандын спорт чебери Дарья Маслова 88 жөө күлүк менен мөөрөй талашып, 21 километр 100 метр жарым марафонду 1 саат 15 мүнөт 27 секундада чуркап, топ башындагы жөө күлүктөрдөн калышкан эмес. Калган аралыкта ортоңку топтун арасында болуп, акыры 42 киломерт 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 27 секунда менен жыйынтыктап, марага 36-чы болуп келди. Марага биринчи келген 27 жаштагы кениялык, жарым марафондук жарышта дүйнө чемпиону Перес Жепчирчир бул аралыкты Дарьядан 8 мүнөт 15 секундага ылдамыраак 2 саат 27 мүнөт 20 секундада чуркап өтүп, Токио олимпиадасынын чемпиону болду. 2-орунду дагы кениялык Брижит Косгей ээлеп, марага 2 саат 27 мүнөт 36 секундада келген. АКШ күлүгү Молли Зайдель марага 2 саат 27 мүнөт 46 секундада келип, коло байге ээси болду.

Акыр аягында марага бардык 88 жөө күлүктүн 73ү гана жетти. Калган 15 спортчу ара жолдон калып калышкан…

Дарья Маслованын ийгиликтери…

Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Азия чемпиону, жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Маслова Дарья Владимировна 1995-жылы 6-майда Каракол шаарында туулган. Азыр 26 жашта.

Жарыш жолдорунда ийгиликтери бир топ:

  • 2014-жылы уландар арасында Тайбэй шаарында өткөн Азия Чемпионатында 3000 жана 5000 метр аралыктагы жарыштарда марага биринчи келип, 2 алтын тагынган.
  • 2015-жылы чондор арасында Кытайда өткөн Азия чемпионатында 3000 метрге жарышта 3-орунду ээлеген.
  • 2015-жылы Түштүк Кореяда өткөн Универсиада оюндарында 5000 метрге чуркоодо коло байгелүү болгон.
  • 2016-жылы Рио-Де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 10 км аралыктагы жарышта 19-орунга жеткен.
  • 2017-жылы чоңдор арасында Индияда өткөн Азия чемпионатында 10 км аралыктагы жарышта 1-орунду ээлеп, Азия чемпиону аталган.
  • 2018-жылы Индонезия борбору Жакарта шаарындагы Азия оюндарында 5 жана 10 км аралыктардагы жарышта 1-орунду ээлеп, Азия оюндарынын чемпиону болуп 2 алтын медаль тагынган.

Устаты Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу маркум Виктор Борисов болсо, олимпиадалык марафонго даярдаган учурдагы машыктыруучусу — Татьяна Борисова.

Айтмакчы, жабылыш аземинде тууну Эрназар көтөрүп чыгат…

Расмий 23-июлда башталып, баш-аягы 19 күнгө созулган Токио олимпиадалык оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышты. Он үчү байге ала албады. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш байгелүү болсо, Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээси болду. Байгелердин жалпы көрсөткүчү боюнча, 2 күмүш, 1 коло медалы менен Кыргызстан кечээ 67-орунда турса, бүгүн 68-орунга жылды.

Биринчи саптагы Кытай өлкөсүнүн учурда 36 алтын, 26 күмүш, 17 коло медалы бар. Экинчи орунда 31 алтын, 36 күмүш, 32 коло байге уткан АКШ турат. Оюн ээси Жапония 24 алтын, 11 күмүш, 16 коло медалы менен үчүнчү орунда келатат. Төртүнчү орунда — Улуу Британия. Эл аралык олимпиада комитетинин желеги астында катышып жаткан Орусия учурда 17 алтын, 23 күмүш жана 22 коло медалы менен бешинчи тепкичте.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан алдыда. Алар учурда 2 алтын, 1 коло байгеси менен 35-орунда. Мурунку олимпиадалык оюндарда ийгилик жараткан Казакстан учурда 7 коло байгеси менен 79-орунда турат. Бир күмүш байгелүү Түркмөнстан 74-орунда.

Бирок мелдештер жыйынтыкталып жаткандыктан орундар дагы жылышып кетиши ыктымал. Азырынча байгелүү орундарды Олимпиада оюндарына катышкан жалпы 206 өлкөнүн 83үнүн спортчулары ээлеп турушат.

Ошентип XXXII Жайкы Олимпиада жыйынтыкталар күн да келип, эртеӊ, 8-августта боло турган жабылыш аземинде Мамлекеттик туубузду эркин күрөш боюнча эл аралык спорт чебери Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат.

Эрназар тууралуу айта кетсек…

Келечегинен үмүткөр кылган 22 жаштагы балбан Эрназар Акматалиев Нарын облусунун Нарын районундагы Орто-Нура айылында төрөлгөн. Күрөш менен жети жашынан бери машыгып келет. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло байге тагынып, чоң спортко тагдырын арнаган.

2018-жылы эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын катарына кабыл алынган. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эки жолку чемпиону Эрназар 2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болгон. 2019-жылы Иранда өткөн Тахти кубогунда алтын байге утуп, олжолуу келген. 2021-жылы Украинада өткөн эл аралык турнирде да финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

Ал 6-августта Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси индиялык 27 жаштагы Баджранг Пуния менен теңата күрөшүп, 3:3 эсебинде тең чыгып, калыстар артыкчылыкты Индия балбанына берип коюшту. Бирок индиялык Баджранг Пуния жарым финалда утулуп, Эрназар коло байгеге талапкер болбой калды.

Ошентип кыргызстандык спортчулар Токио олимпиадасын 7-августта жыйынтыктады…

Кабыл МАКЕШОВ, Токио шаары

One thought on “36-орунду ээлеген жөө күлүк Дарья Маслова биз уктап жатканда чуркап кетиптир да …

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.