Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркиянын Чамлыджа мечитинде болду

Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркиянын Чамлыджа мечитинде болду

Бүгүн, 3-сентябрында Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркияга болгон иш сапардын алкагында, Стамбул шаарындагы  Чамлыджа мечитинде болду. Мечитке Түркиянын  Кассациялык сотунун  төрагасы Мехмет Акаржа дагы барды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат үчүн: аталган мечит Түркиянын эң чоң мечити болуп саналат жана ага бир киргенде 63 миң адам батат. Мечитте үч имам жана 200гө жакын кызматкер иштейт.

Мечит Стамбулдагы Үскүдар шаарында жайгашкан жана көркөм галерея, китепкана жана жыйындар залын өзүнө камтыйт. Мечиттин баасы 110 миллион долларды (550 миллион түрк лирасы) түзгөн, ал түрк өкмөтү тарабынан экономиканы чыңдоо максатында чоң долбоор  катары салынган. Чамлыджа мечитинин архитектуралык дизайны 2000 -жылы эки аял архитектор Бахар Мизрак жана Хайрийе Гүл Тотунун жетекчилиги астында башталган. Мечиттин дизайны Осмондук ислам архитектурасынан жана Мимар Синандын эмгектеринен  алынган.

Эске сала кетсек, 2-сентябрда Нургүл Бакирова Түркия мамлекетинин президенти Реджеп Тайип Эрдоган катышкан Түркиядагы Кассациялык соттун ачылыш аземине катышкан. Андан кийин Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркия мамлекетинин Анкара шаарындагы Манастын айкелинин ачылыш аземине катышкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркиянын Чамлыджа мечитинде болду

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.