Айтылуу акын Нуралы Капаровдун 41 жаштагы уулу Мырза Капаров каза болду

Айтылуу акын Нуралы Капаровдун 41 жаштагы уулу Мырза Капаров каза болду

Эсен болуп, эстей жүр!

Шахмат федерациясынын мурунку вице-президенти Капаров Мырза Нуралиевич 7-сентябрда жүрөгү кармап (инфаркт) каза болду. Маркумдун сөөгү туулган жери Чоң-Кеминдеги Тегирменти айылына кечээ, 8-сентябрда коюлду.

Мырза элге жактың эле, эми жерге жак!

Төрт баланын атасы Капаров Мырза Нуралиевич 41 гана жашта болчу. Ал 1980-жылы 13-апрелде жарык дүйнөгө келген. 3 бир туугандын улуусу, бир иниси, бир карындашы бар. Жогорку билимдүү. КУУнун юриспруденция адистигин аяктаган. Аймактарды өнүктүрүү, транспорт жана курулуш маселелери боюнча адис, Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, Шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону жана Шахмат федерациясынын вице-президенти болчу. Кайрымдуулук иштерди көп жасаган мыкты жигит эле. Коронавируска байланыштуу карантин учурунда Самансур, Көк-Ойрок айылдарындагы 177 үй-бүлөгө жардам кылган.
Былтыр, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясынан талапкер болгон.
Мырза жакшы үй-бүлөдө чоңоюп, тарбияланган. Атасы — белгилүү акын Нуралы Капаров. Мырза менен биз атасы аркылуу таанышканбыз. Нуралы Капаров «Бишкек таймс», «Кыргызстан маданияты» гезиттеринин редактору болуп турганда Мырза редакцияга келип турчу. Улууну урматтаган, кичүүнү ызаттаган адамгерчиликтүү, жөнөкөй жигит болчу.
Мырза, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Элге жактың эле, эми жерге жак!
Устатыбыз Нуралы байкеге терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз!
Назира, Салима СААЛИЕВАлар

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты мезгилсиз дүйнөдөн өткөн Мырза Капаровдун ата-энесине, жубайына, уул-кыздарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.