Чыӊгыз Айтматов. Санжыра. Турдакун Усубалиев тура калып 13 атасын санап бериптир…

Чыӊгыз Айтматов. Санжыра. Турдакун Усубалиев тура калып 13 атасын санап бериптир…

Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, эмгек сиңирген ишмер, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, Тарыхчылар ассоциациясынын президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн ОСМОНОВдун «Садыр Жапаров – элдин үмүтү» аттуу илимий-популярдуу очерки быйыл (2021-жылы) февраль айында кичинекей китепче болуп чыгыптыр. Анда Садыр Жапаровдун ата-теги, санжыранын мааниси жазылыптыр. Автор бу китепти эмне себептен жазып калганын мындайча түшүндүрүптүр: «Шайлоо аракети башталганда эле: «Садыр Жапаров кыргыз эмес, ал башка өлкө көптөн бери дайардап келген шпион, көрөсүӊөр, ал Кыргыз Республикасын жок кылат» деген арам оюн коомчулукка сиӊирүүгө аракет кылган саясатчылар шайлоодон жетилгенине карабай, жеӊүүчүнү ар тараптуу каралоо аракетин токтотпой келүүдө. Мындай учурда коомдун өнүгүшүнүн, саясий турмуштун мыйзам ченемдүүлүктөрүн жакшы билген окумуштуу-тарыхчылардын кийлигишүүсү, тарыхый так маалыматтарды элге жеткирүүсү мезгилдин талабы деп эсептейбиз. Түзүлгөн жагдай менин ушул эмгекти жазышыма түрткү болду».

Тарыхчы агайыбыздын алакандай китепчесин кызыгуу менен окуп чыктым. Анда санжыра эмне себептен кыргыз элине керектиги жана залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматов менен Кыргызстанды 24 жыл башкарган мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин ойлору да баяндалыптыр. Турдакун Усубалиевичтин кайсы бир жерден ордунан тура калып 13 атасын санап салганы кызык экен… Ушундай кызыктуу китепчени сиздер менен бөлүшкүбүз келди, окурман!

Назира СААЛИЕВА

Президенттин ата-тегин тактоонун зарылчылыгы барбы?

2020-жылдын 22-декабрында «Вечерний Бишкек» гезитине белгилүү тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиевдин «Сколько российских наград было у прапрадеда Садыра Жапарова?» деген макаласы жарыяланып, анда өлкө Президенти Садыр Жапаровдун санжырасы кыскача баяндалган. Макалада тарыхчы Садыр Нургожоевичтин ата-теги боюнча жалаӊ архивдик материалдардын негизинде көлөмдүү китеп даярдалгандыгы, ал китепти басып чыгарууда бардык академиялык талаптар сакталганы, китептин рецензенттеринин бири Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент -мүчөсү Өскөн Осмонов экендиги жазылган.

Мен, расмий рецензент катары Дөөлөтбек Сапаралиевдин 104 беттен турган «Зов предков! (к родословии Садыра Нургожоевича Жапарова. – Бишкек, 2021.)»  деп аталган китебин көӊүл коюп окуп чыгып, авторго өзүмдүн сунуш, пикирлеримди айттым. Д. Сапаралиевдин китебиндеги орчундуу жаӊылыктар интернетке кыскача жарыяланып, аны колдонуучулардын ичинде чоӊ резонанс жаратты.

Белгилүү инсандардын, өзгөчө мамлекет башчысы кызматына келип жаткан инсандын өмүр жолуна, жеке турмушуна, ата-тегине элдин кызыгуусунун өсүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул кыргыз элинин тарыхында, коомдук аӊ-сезиминде санжыранын өзгөчө орунду ээлеп келгендиги менен да түшүндүрүлөт.

Эгемендүүлүктүн шартында Кыргыз Республикасын жетектеген президенттердин баарынын ата-теги жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып, жазылып кызуу талдоого алынып келгендиги белгилүү. Президенттердин санжырасын «изилдегендердин» айрымдары эмнегедир буга чейин Кыргызстандын мамлекет башчыларынын дээрлик баары кыргыз эмес же кыргыз элинин качандыр бир өткөн доорлордогу душмандарынын тукумунан экендигин «далилдөөгө» аракет жасашкандыгы байкалат. Алар Кыргызстандын отуз жылдан бери оӊолбой, кризиске батып баратышынын себебин да өлкөбүздү «кыргыз эместер» башкарып келе жатканы менен түшүндүргүлөрү келет.

Мамлекет башкарууга белсинип киришкен адамдын ата-тегин бурмалоо, аны кыргыз элинин өткөн бир доордогу кас душманы болгон элдин тукуму катары көрсөтүү анын саясий атаандаштары тарабынан ойдон чыгарылып, аны жандап жүргөндөр, колдогондор тарабынан коомчулукка таӊууланаарын илимий талдоолор көрсөттү. Бул ыпылас ыкма 2021-жылы 10-январда өткөн Кыргызстандын Президентин шайлоого даярдыктын жүрүшүндө да пайдаланылып, бул жогорку кызматка элдин басымдуу көпчүлүгү тарабынан көрсөтүлүп, колдоого ээ болгон Садыр Жапаровго да колдонулду.

Шайлоо аракети башталганда эле: «Садыр Жапаров кыргыз эмес, ал башка өлкө көптөн бери дайардап келген шпион, көрөсүӊөр ал Кыргыз Республикасын жок кылат», — деген арам оюн коомчулукка сиӊирүүгө аракет кылган саясатчылар шайлоодон жеилгенине карабай, жеӊүүчүнү ар тараптуу кара-
лоо аракетин токтотпой келүүдө. Мындай учурда коомдун өнүгүшүнүн, саясий турмуштун мыйзам ченемдүүлүктөрүн жакшы билген окумуштуу-тарыхчылардын кийлигишүүсү, тарыхый так маалыматтарды элге жеткирүүсү мезгилдин талабы деп эсептейбиз. Түзүлгөн жагдай менин ушул эмгекти жазышыма түрткү болду.

Элдин ичинде «окумуштуу — тарыхчылар кыргыз элинин тарыхынын актуалдуу маселелерин изилдөөнүн ордуна, Кыргыз мамлекетине ким президент болсо эле ошонун ата-тегин жасалмалап, жерге-сууга тийгизбей мактап калышат», — деген пикирлер бар. Буга чейинки мамлекет башчыларынын санжырасын тактоого   аракет кылган адис тарыхчыларды айрым окурмандар «кошоматчы» катары баалап, күнөөлөп жүргөндөрүн интернеттен окууга болот. Биз жогоруда белгилегендей, кыргыз элинин оозеки тарыхы болгон санжыраны изилдөө, өлкөбүздөгү саясий туруктуулукту сактоо үчүн мамлекетибиздин шайлоочуларынын 80 пайызынан ашыгы колдоп, жаӊы шайланган президенттин ата-тегин тарыхый булактардын негизинде объективдүү тактап, коомдук аӊ сезимди жалган ушактарынан коргоо да окумуштуу-тарыхчылар үчүн актуалдуу маселе деген пикирдебиз.

Санжыраны билүү маанилүүбү?

Д. Сапаралиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин ата-тегине арналган макласына интернетте бир катар коментарийлер жазылды. Окурмандардын бири: «Садыр жакшы уруунун бучкагы тура, түптүү дарактын бутагы экен», — деп жазса, экинчиси, «Аккан арыктан суу агат, теги жакшы, эл баштагандардан тура, Садырдын патриоттуулугу ата-бабасынан турбайбы», – деген пикирлерин билдирген. Ал тургай: «Садыр кыргыздын Сарыбагыш уруусунан экен, эл ичинде Сарыбагыштан хан чыкса өлкө оӊолот» — деген сөз бар, буйурса Кыргызстан эми оӊолот», — дегендер да болбой койгон жок. Мындай ойлор менен катар: «Азыркы заманда санжыранын эмне кереги бар, бул ар ким өз ата-тегин мактаган жомок да.
Санжыра элди бөлүп жарат, ага кайрылуунун кереги жок», — деген пикирлер да кездешти.

Ушуга байланыштуу, санжыранын маанисине токтолууну туура көрдүм. Санжыранын маааниси жөнүндө китептин автору Д. Сапаралиев экөөбүздү 1970-жылдардын биринчи жарымында Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуткан агайыбыз, профессор Сабыр Аттокуров булбулдай сайрап түшүндүрөр эле. Ушул агайыбыздан убагында кыргыз санжырасынын мааниси жөнүндө жеткиликтүү билим алганбызга тарых күбө.

Бир катар объективдүү жана субъективдүү себептерге байланыштуу мезгилде, кыргыздардын жазуу маданияты токтоп, байыркы элибиздин окуяларга бай, тереӊ мазмундуу тарыхы, уникалдуу мурастары, кыргызды кыргыз кылып сактап, жетектеп келген эл башчыларынын, акылман ойчулдарынын жасаган иштери кагазга түшүрүлбөгөндүгүнүн кесепетинен, кыргыз элинин байыркы жана орто кылымдардагы тарыхынын көпчүлүк барактары актай бойдон калып келди. Ошол доорлордогу элдин тарыхын тактап, тарыхый инсандардын тарыхтагы ордун аныктоодо оозеки айтылып, муундан-муунга өтүп келген санжыра да белгилүү деӊгээлде тарыхый булактын милдетин аткарып келгенин элибиз кайдан тансын.

Санжыра элдер уруктарга, урууларга жана уруу бирикмелерине бөлүнүп жашап турган доордо пайда болуп өнүккөн. Санжыра кыргыз элинин калыптанып өнүгүшүндө өзгөчө чоӊ роль ойногондугу тарых илиминде толук далилденген. Улуу бабаларыбыздын акылман саясатынын натыйжасында түзүлгөн санжыра элди бөлбөстөн, тескерисинче, уруктарды урууларга, урууларды уруу бирикмелерине, ал эми уруу бирикмелерин бирдиктүү кыргыз элине байлап, туугандык сезимди күчөтүп, элдин ынтымагын чыӊдап келген.

Демек, санжыра элди бөлүп-жаруу үчүн эмес, чачылган элди бири-бирине туугандаштырып, «Кыргыз» деген аталыштагы этнонимдин айланасына топтоп, бириктирген улуу идеология болгон. Тээ байыркы доордо эл болуп, бирде он, жыйырма, кырк ал тургай алтымыш урууну бириктирип көбөйүп, кээде өзүнөн күчтүү душмандан сокку жеп азайып, кылымдарды карытып, негизгиси кыргыз атын, элдүүлүгүн сактап, соӊку доорго жетишинде санжыра өтө чоӊ роль ойногон.

Кыргыз элинин улуттук идеологиясынын өзөгүн түзүп келген санжыра, советтик доордо өзүнүн миссиясын токтоткон. Таптык идеологиянын киргизилиши менен элдин өзүнүн тарыхына болгон кызыгуусу чектелген. Улуттун тарыхын тереӊ изилдөөгө, кыргыз элинин жол башчыларынын, элдик акылмандар менен баатырлардын эрдиктерин даӊазалоого багытталган аракеттер «уруучулук», «улутчулдук», «эскичилик» катары бааланып, куугунтукталган. Ал гана эмес кыргыз элинин тарыхын тереӊ окуп, үйрөнүүгө чек коюлган.

Ошол кезде тарых адистиги боюнча атайын билим алып жаткан студенттерге да Кыргызстан тарыхын окутууга бир аз гана сааттар бөлүнүп, анда да Кыргызстандын Совет доорундагы тарыхы гана окутулчу. Ошол кезде, бизде кыргыз элинин тарыхы 1917-жылдан эле башталат турбайбы деген пикир калыптанган. Кыргыз элинин байыркы доордогу, орто кылымдардыгы тарыхы жөнүндө үсүл-кесил гана маалыматтар айтылып, ал мезгилде кыргыздар тоо-тоонун башында жарым жапайы турмуш өткөргөн, дүйнөлүк цивилизациядан артта калган, маданиятсыз эл катары сыпатталчу.

Сабыр Аттокуров агайыбыз ошол кезде эле кыргыз элинин тарыхы, этнографиясы боюнча өтө чоӊ адис болгон.  Тилекке каршы, ал окумуштуу агайыбызга кыргыз этнографиясы, санжырасы боюнча сабак өтүүгө тыюу салынган. Сабыр агайыбыздын СССРде айкындуулук жарыяланган 1980-жылдардын экинчи жарымында эле кыргыз элинин санжырасы боюнча лекциялары «улутчулдук» катары бааланып, бул үчүн ал КПССтин катарынан чыгарылып, университеттен айдалып, куугунтукталган.

Профессор Сабыр Аттокуров өзүнүн «Кыргыз санжырасы» (Бишкек, 1995) деп аталган китебинде «Санжыра — атасын тааныбаган, энесин эстебеген, манкурттуктан кутула турган нерсе,  анын түпкү максаты кыргыздарды урууларга бөлүү эмес, алардын ким, кайдан экенин билүүгө үйрөтүү», — деп баса белгилейт. Сабыр агай бизге окуткан лекцияларында: «Санжыра десе эле ар ким өз ата-бабасын териштире берген нерсе экен деп түшүнө бербеш керек. Анан калса өз тегин териштиргендин эмнеси жаман? Тек териштирүү – тектүүнүн иши эмеспи? Муну бир эле кыргыз эмес, көптөгөн элдер колдонот. Европадагы өнүккөн мамлекеттерде атуулдардын ата-тегинин генеалогиялык таблицалары кылымдап түзүлүп, архивдерде сакталат. Санжыра бул кыргыз элинин оозеки тарыхы. Аны билүү, изилдөө силердин милдетиӊер!» — деп көп айтаар эле.

Чыӊгыз Айтматов санжыра туралуу кандай ойдо болгон?

Заманыбыздын залкар, ойчул жазуучусу Чыӊгыз Айтматов санжыранын маанисине өзгөчө көӊүл бурган. Анын «Кыямат» аттуу  романында эненин баласына: «Сенин атаӊ Дөнөнбай! Сенин урууӊ Найман!» — деп зар какшаганыда зор философия камтылган. Улуу жазуучубуз санжыранын мааниси жөнүндө, биздин айылдын абышкалары ар бир баладан: «Кана, жети атаӊды айт!» — деп катуу талап менен сураар эле. Элдин акыл-эс мурасы да, муундардын байланышы да ушуга негизделген. Бул жөнүндө Чыӊгыз Айтматов: «Мен  «Ак-кеме» повестимде, бала менен машина айдаган казак жигит экөөнүн аӊгемелешүүсүндө айтууга аракеттенгем. Турмушта жети атасын билбей эле жашап жүргөн адамдар бар экенине бала аябай таӊ калат: – Жети атаӊдын аттарын үйрөткөн жок беле акеӊ? — деди бала.

– Ит билеби? Ага не таӊсык болдуӊ? Жети атамды билбейм, бирок, көрүп турасыӊ гой, көп катары жашап жүрмүн.

– Атам айтат, адамдар ата-тегин унутуп койсо, бузулуп кетет дейт.

– Не үшин?

– Анда атам айтат, баары бир балдарым, балдарымдын балдары билбей калат. Адамдар арам иштен жийиркенбей, тартынбай калат дейт. Баары бир балдарым, балдарымдын балдары билбей калат деп, адамдар жакшылык кылбай калат, — дейт…» «Бул элдик жөнөкөй философия, мен муну бала кезде Шекерлик абышкалардын насаат сөздөрүнөн алганмын. Мен – Шекерликмин, ошон үчүн бул жакшы кааданы алигиче урматтаймын. Менин атам Төрөкул. Төрөкулдун атасы – Айтмат, Айтматтын атасы – Кимбилди, Кимбилдинин атасы-Кончужок… ушинтип отуруп биздин тукумдун башы – Шекердин өзүнө чейин санай берүүгө болот. Атамдын жана чоӊ атамдын туугандары – Рыскулбек, Керимбек, Өзүбек, Суванбек, Доолбек, Алымкул, Иманкул, Биримкул, — булар да менин бабаларымдын катарына кирет. Мындай карасаӊ – жөн гана адам ысымдары. А мен үчүн мунун мааниси чоӊ. Эл оозунда айтылган сөздөрдөн улам мен алардын ар биринин ысымдарын тереӊимде ызаттайм жана сыймыктанам. Бул өзүбүздүн мурда жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын кадыр-барктарын төмөндөтпөөгө бизди – кийинки муундарды милдеттендирет», – дейт жазуучу. Ч. Айтматовдун Советтик идеология күчүндө турганда жазган бул ойлору, элди манкурттуктан кутулууга чакырган добулбасы экен. Санжыраны жомок катары эсептеген жоламандарга жооп катары Ч. Айтматов Санжыра жөнүндөгү ойун: «Жарыкчылыкта санжырачылар болбосо, өтүп кеткен убакыт жана муундар жөнүндө кандай көӊүлсүз эскерме калаарын көз алдыга элестетип көрүӊүзчү… Сажыраларда – философия жана фантастика, поэтика жана убакыттын символу бар. Мындан тышкары санжыра бул элдин, улуттун эн тамгасы жана аны таануу белгиси» — деп жыйынтыктаган.

Санжыранын маанисин тереӊ түшүнгөн Осмоналы Сыдык уулу, Белек Солтоноев, Тоголок Молдо, Үсөйүн ажы, Талип Молдо, Бала Айылчы, Алымбек санжырачы, Үмөт Молдо, Төлөк Төрөкан, Эсенкул Төрөканов, Сапарбек Закиров, Сабыр Аттокуров ж.б. Кыргыз санжыраларын жазууда зор эмгек сиӊиришкен. Бирок алардын эмгеги, эскинин калдыгы катары кодуланып, айрымдары куугунтукталган. Ата-тегиӊди унут, ал тургай улуттарга бөлүнүү жоюлуп, бир гана «совет эли» деген, советтик улут болот деген саясат күч алган.

Замандын өзгөрүшү менен элибиздин тарыхын тереӊ изилдөөгө, аны объективдүү чагылдыруга, окутууга кеӊири мүмкүнчүлүктөрдү алдык, буга да шүгүрчүлүк дейли. Азыркы учурда ар бир кыргыз: «Мен киммин, атам ким, чоӊ атам ким болгон, кайсы уруктан болом, кайсы уруунун өкүлүмүн, менин ата-тегимден тарыхый инсандар чыкканбы, эгер чыкса алардын тарыхтагы орду аныкталганбы?» — деген сыяктуу суроолордун айланасында ой жүгүртүп, ата-тегин тактоого далалаттана баштады.

Натыйжада, кийинки жылдарда санжырага болгон кызыгуулар күч алып, адистиги тарыхчы болбогондор да өзүнүн ата-тегин тактоо максатында «тарыхчы» болуп, тарыхый эмгек жаратууга аракеттенишүүдө. Мунун үзүрү катары соӊку жылдары тигил же бул уруунун санжырасына арналган, ар кайсы уруудан чыккан белгилүү же белгисиз инсандардын өмүрүн, ишмердигин чагылдырган китеп менен китепчелер көбөйдү. Эл ичинде сакталып келген маалыматтары боюнча жазылган чыгаан инсандардын өмүр  жолу, эли-жери үчүн жасаган эмгеги макала же китеп аркылуу элге жеткени, албетте, туура. Тилекке каршы, санжырага кызыккан аны толуктап, тактап жазууга аракет кылган инсандардын көпчүлүгүнүн тарых боюнча атайын билими болбогондуктан, алардын жазгандарында тарыхый окуяларга дал келбеген, уламышка окшогон тыянактар басымдуулук кылат.

Элибизде «Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун» — деген накыл сөз бар. Ушуга байланыштуу санжыра жазса дагы, ага тактоолорду киргизсе да бул иш менен тарых адистиги бар адамдардын алектенгени жакшы натыйжаларды берээрин мезгил тастыктоодо.

Ушул өӊүттөн алганда тарыхчы, болгондо да 1970-жылдары КМУнун тарых факультетинде эмгектенген тарых илиминин корифейлеринен эӊ жакшы билим алган (курсташы, ал тургай группалашы катары мен буга кепил болом) Дөөлөтбек Сапаралиевдин Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө, кыргыз элинин жалпыланган санжырасын тактоого кошкон чоӊ салымы бар деп ишенимдүү бааласак болот.

Д. Сапаралиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун санжырасын тактоодо, тарых илиминин таанып билүү ыкмаларын, принциптерин жана функцияларын туура пайдаланган. Натыйжада тарыхый окуялар хронологиялык тартипте жайгашкан. Президенттин санжырасын тактоодо көптөгөн материалдар топтолуп, ирээти менен системалык калыпка салынган. Садыр Жапаровдун ата-тегинен чыккан чыгаан инсандардын ишмердиктери, ошолор жашап өткөн доордогу тарыхый окуялар менен тыгыз байланышта талдоого алынган. Тарыхый окуялардагы көп кырдуулук, карама-каршылыктар, инсандардын ишмердиктери объективдүү бааланган десек болот.

Д. Сапаралиев Президенттин ата-тегин жазуудан мурда Кыргыз санжырасына арналган китептер менен тереӊ таанышып, архивдик материалдарды топтоп, аларды талдап чыккан. Кыргызстандын элинин басым-дуу көпчүлүгү Президенттик жогорку кызматка шайлап алган Садыр Жапаровдун ата-тегин илимий негизде тактоо, анын оппонеттеринин Садыр Нургожоевичтин ата-теги боюнча ойдон чыгарылган «ачылыштарын» четке кагат деген ойдобуз.

Садыр Жапаров Турдакун Усубалиев менен тектешпи?

Кыргыз элинин улуттук идеологиясынын өзөгүн түзүп келген санжыра советтик доордо өзүнүн маанисин жоготконун айттык. Бирок чектөөлөргө карабастан, кыргыз эли өзүнүн оозеки тарых-санжырасын эстутумунда сактап, муундан-муунга өтөкөрүп келген. Бул салтты совет доорунда эӊ жогорку партиялык жана советтик кызматта иштегендер ачык айтпаса да көкүрөгүндө сактаганына күбө болгом…

Жогоруда эгемендүүлүктүн шарапаты менен элибиздин өзүнүн тарыхына болгон кызыгуусу күч алып, унутулуп бара жаткан снжыраны тактоо, изилдөө жанданганын айттык. Санжырада гана айтылып келген эл башчыларын, баатырларды даӊазалап, жер-жерлерде аларга эстелик тургузуу  аракети башталган. Белгилүү санжырачылар Эсенкул Төрөканов менен Аман Алымкуловдун демилгеси менен Токмок шаарына XVII кылымдагы түндүк кыргыздарынын башчысы Дөөлөсбакты уулу Манап бийге монументалдуу — скульптуралык эстелик орнотуу аракетин баштаганбыз.

2008-жыл болсо керек эле, бир күнү «Манап бий ата» коомунун жетекчилери Эсенкул Төрөканов менен Жапаркул Токтоналиев, профессор Салмор Алымкулов экөөбүздү чакырып: «Силер Турдакун Усубалиевге барып Манап бийге эстелик тургузуу аракети жүрүп жатканын айткыла. Бул үчүн биз элден каражат чогултуп жатабыз. Сиз дагы ошол кишинин урпагы болот экенсиз, аксакалдар бул ишти сизге кабарлап койгула деп жиберди дегиле», — деп, бизге Турдакун Усубалиевдин үйүнүн телефонун беришти. Ишти көп созбой, Салмор экөөбүз Турдакун Усубалиевге телефон чалып, аксакалдардын тапшырмасы менен жолугалы дедик эле деп, сурандык.

Ал телефондон: – Силер кимсиӊер, аксакалдардын аты-жөнү ким? — деди. Биз жөнөткөн кишилердин аты-жөнүн айттык.

Турдакун Усубалиевич: – Ооба, мен ал кишилерди жакшы билем. Эртеӊ түш ченде мамлекеттик резиденциянын күн батыш жагындагы дарбазага келсеӊер, солдаттар турган пост бар, ошол жерден мага телефон чалгыла! — деди.

Эртеси белгиленген убакта барып, Турдакун Усубалиевичтин мамлекеттик резиденциясындагы үйүнөн жолуктук. Жашаган үйү өтө жөнөкөй, чакан үч – төрт бөлмөдөн турат экен. Менин кире бериштен байкаганым, үйдүн фундаменти өтө эле жапыс. Жаан себелеп жаап турду, жаан катуу жааса, босогосунан үйгө суу кирчүдөй көрүндү.

Үйдүн ичине кирдик. Чакан бөлмөдө китептер тизилген шкаф, бир диван, эки кресло жана телезивор бар экен. Ошол бөлмөдө отуруп, ал-жай сураштык. Үй кызматын орус кыз келип-кетип аткарат окшойт, ал ашканадан чай даярдап биздин астыбызга койду да, Турдакун Усубалиевичтен уруксат сурап, плащын кийип, чыгып кетти. Салмор иним бизге чай куюп отурду. Столдун четинде 3-4 бөтөлкө ичимдиктер турат. Бир маалда Турдакун Усубалиевич бизди карап:

– Тигилерден куйбайсыӊарбы? — десе болобу.

Салмор экөөбүз эмне дээрибизди билбей, кызарып-татарып туруп калдык. Аӊгыча Турдакун Усубалиев бир бөтөлкөнү көргөзүп:

– Тетиги Вискиден куйгула. Бизде сатылгандары жасалма болот экен. АКШга каттагандардан алдырып жүрөм, таза болот, — деди.

Биз шашкалактап столдогу рюмкаларга куйдук. Турдакун Усубалиевич: – Кана кимиӊ улуусуӊ, тост айт! — деди.

Мен Салмордон уулу болгондуктан бирдемелерди айтымыш болдум. Турдакун Усубалиевич алып жиберди да бизге карап жылмайып: – Алып койгула! — деди. Шылтоо издебей биз да алдык. Улуу инсан менен отургандагы сезим, америкадан келген Вискинин күчү менен Салмор экөөбүздүн жүзүбүздүн албырып чыканын байкаган Турдакун Усубалиев:

– Чеги менен ичсе, бул дары болот, организмге керек нерсе, — деп борс-борс күлүп койду. Виски экинчи жолу куюлуп, Салмор сүйлөп, дагы көтөрдүк. Турдакун Усубалиев бизге карап:

– Сталинский сто грамм дегенди уктуӊар беле?  — деп калды.

Биз бири-бирибизди карап унчуккан жокпуз.

– Бул Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында пайда болгон сөз, — деди да, Турдакун Усубалиевич андан ары сөзүн улады.

– Кан күйгөн майданда, чабуулга өтөөр алдында жоокерлерге 100 граммдан арак берилчү экен. Ошону жоокерлер «Сталинский сто грамм» деп атап алышкан. Мен Москвада КПСС БКда иштеп жүргөндө Константин Черненко экөөбүздүн кабинеттерибиз бет мандай болчу, экөөбүз ынтымактуу элек. Жумуш убактысы бүткөндө Мен Черненконун кабинетине же ал менин кабитениме кирип, сейфтен алып чыгып «Сталинский сто граммды» ичип үйгө кетчү элек — деп күлдү.

Виски үчүнчү жолу куюлуп, өзү сүйлөдү. Сөзүндө Манап бийге эстелик тургузуу демилгесин колдой турганын, тарыхтын мааниси чон экендигин, ата-бабаларды эскерүү парз экенин, өзү Калыгул олуя бабасы менен сыймыктанаарын, анын терең мазмундуу эмгектерин чогултуп, китептерди чыгарып жүргөнүн, мүрзөсүнүн үстүнө чоң күмбөз курдурганын айтып берди. Бир аз алагүү болуп алгандыктанбы, мен ал кишини карап:

Жети атанызды билесизби? — деп сурап жиберип, өтө оӊтойсуз абалда калдым. Тым-тырс абал мага көпкө созулгандай болду. Бир маалда Турдакун Усубалиевич отурган жеринен туруп, эки колун бир аз алдыга сунуп, манжаларын кезеги менен жумуп:

Менин атам Усубалы, 2 – атам Кененсары, 3 – атам Күнтууган, 4 – атам Калыгул, 5 – атам Бай, 6 – атам Дөөлөткул, 7 – атам Үчүкө, 8 – атам Сарысейит, 9 – атам Сүтөй, 10 – атам Манап бий, 11 – атам Дөөлөсбакты, 12 – атам   Сарыбагыш (Кылжыр), 13 – атам Тагай бий! — десе болобу. Советтик идеологияга сугарылган, республиканын биринчи катчысы жана коммунисти – Турдакун Усубалиевичтин  ата-тегин ирээти менен такалбай санашы, биз үчүн күтүлбөгөн көрүнүш эле. Мен жөн турбай:

– Сиз баарын так билет турбайсызбы? — дедим. Турдакун Усубалиевич – Муну бала кезимен эле билчүмүн, мурда муну айттырчу эмес эле, —  деп, бажырая күлүп ордуна отурган.

Турдакун Усубалиевич ата-тегин санап айтуу үчүн мектеп окуучусундай болуп ордунан турганы, анын жүзүндөгү сыймыктануу сезими менен жылмайып айтып бергени азыр да көз алдымда турат. Улуу инсандын үйүндө болуп, анын бизге ак дилден жасаган мамилесин көрүп, санжырага карата аяр сезимдерине күбө болуп кетүүгө камындык. Турдакун Усубалиевич калдая басып, биринчи биз кирген бөлмөдөгү китеп шкафтын жанына барып, тартмасынан бир нерсе алып чыккандай болду. Анан бизге кайрылып:

 

– Эми жигиттер, бабабыз Манап бийге эстелик орнотобуз деп жакшы иш баштаптырсынар. Бул бардык ата-бабаларыбызга арналган эстелик болот. Бул аракетиӊер мага жакты, эл да колдойт деп ишенем. Мен болсо пенсионермин, алыма жараша эстеликке 10 миӊ сом берейин. Төрөканов менен Токтоналиевге менден салам айткыла, экөө теӊ убагында республикага чоӊ эмгек сиӊирген адамдар! — деп бизди узаткан эле. Салмор экөөбүз Т. Усубалиевдин үйүнөн чыгып, түз эле Жапаркул атанын үйүнө, андан кийин Эсенкул атаныкына келип, Т.Усубалиевичтин салам дубасын жеткирдик. Мен, Турдакун Усубалиевичтин бизди жакшы кабыл алганын айтып отуруп:

– Каап, бул киши биринчи секретарь болуп турганда жолугуп, туугандашсак, Салмор экөөбүздү теӊ чоӊ кызматка коймок экен, — дедим. Жапаркул ата күлүп:

– Тууган экениӊерди билсе, Турдакун Усубалиев силерди кызматка жолотмок эмес. Ал жакын туугандарынын бирин да советтик, партиялык кызматтарга тартпай, билимдүү, тажрыйбалуу адистерди гана көтөрүп, аларды колдогон. Адистер туура тандалганы үчүн ошол мезгилде Кыргызстан дүркүрөп өскөн! — деди.

Киинки 2009-жылы Манап бийдин эстелигин ачууда Турдакун Усубалиевич келип, ата-бабалардын эли үчүн жасаган эмгектерин, эрдиктерин өтө жогору баалап сөз сүйлөдү.

Жогоруда айтылгандардын ичинен Турдакун Усубалиев менен Садыр Жапаровдун генеологиялык жактан тектештиги көӊүлдү бурбай койбойт экен. Турдакун Усубалиевдин ата-тегин өзүнүн айтканы боюнча жаздык.
Садыр Жапаровдун ата-тегин тарыхчы Д. Сапаралиев хронологиялык тартипте: Садырдын атасы Нургожо, анын атасы – Мусталый, анын атсы – Жапар, анын атасы – Көчкүн, анын атсы – Султанкул, анын атсы – Алыбай, анын атасы —  Бирназар бий, анын атасы – Андаш, анын атасы – Белек, анын атасы – Жамангул, анын атасы – Алсеит, анын атасы – Мырзакул, анын атасы – Орозбакты, анын атасы – Сарыбагыш, анын атасы – Тагай бий деп көрсөткөн.

Д.Сапаралиев адамдардын жашын аныктоодо этнология илими колдонгон ыкмага таянып, Садыр Жапаровдун ата-тегиндеги адамдардын жашап өткөн жылдарын да алардын эли үчүн аткарган иштерин, Россия империясынан алган мамлекеттик сыйлыктарын да так  көрсөтөт. Санжыра боюнча Тагай бийден Сарыбагыш (Кылжыр), андан Орозбакты жана Дөөлөсбакты деген эки уул. Бул боюнча С. Жапаровдун ата-бабалары Сарыбагыштын Орозбакты деген уулунан тараса, Т. Усубалиевдин ата-теги Сарыбагыштын Дөөлөсбакты деген уулунан тарайт. Тактап айтканда, экөөнүн ата-теги Сарыбагыштан кошулат. Демек, экөө теӊ Тагай бийдин Сарыбагыш  деген уулунун тукуму катары эсептелет. Бул дагы  бекеринен болбосо керек.

Тагай бий XVI кылымда чачылган кыргыз элин жыйнап, урууларды «оӊ» жана «сол»  канатка бөлүп, бириктирген, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн улуу инсан. Анын урпактары Тагай бийдин ишин уланткан. Мурдагыларын айтпаганда, Тагай бийдин XIX  кылымдагы  урпактарынын ичинен Ормон хан, Боронбай бий, Төрөгелди баатыр, Балбай баатыр, Карга аке, Калыгул олуя, Бирназар бий, Султанкул аким, Молдо Кылыч өӊдүү далай тарыхый инсандар чыккан. Демек, ата-бабасы кыргыз эли, жери деп күйүп-жанган, өмүрлөрүн арнаган адамдардын урпагы болгон Садыр Жапаров улуу бабаларынын иштерин улап, Совет доорунда чейрек кылым Кыргызстанды жетектеп, республикабызды өнүктүргөн Турдакун Усубалиев агасы сыяктуу өлкөбүздү өнүгүү жолуна алып чыгат деген пикирдебиз.

Соӊку сөз

Дүйнөдө көптөгөн улуу элдер бар. Бирок ата-бабаларынын тарыхына кызыгып, алгачкы эле жолугушууда уруусун, жети атасын сүрүштүргөн эл болсо да аз. Бул жагынан кыргыздар өзгөчө эл. Байыркы доордон бери кыргыз элин санжыра сактап келген деген сөздүн  чындыгы бар. Италия саякатчысы Феликс Рокка 1898-жылы чыккан китебинде: «Кыргыздарда туугандык кырк тамырга чейин эсептелип кете берет. Бул элде «Жети атасын билбеген адам кул!», — деген сөз бар. Ошондуктан ар бир кыргыз баласы жети атасын так билет», — деп жазган.

Кыргыздар байыртадан эле эл башчысы тургай, дос-тамыр, өзгөчө куда-сөөктөрдү тандоодо ата-тегине көӊүл бурган. Азыркы мезгилде да эки жашты баш коштурууда өзгөчө ата-энелердин ата-тегине кызыгуу салты күчтүү болуп баратат. Ушуга байланыштуу эл дагы президенттик кызматка келген ар бир адамдын тегин билүүгө кызыгуусу артууда. Мында да ар кандай божомолдор айтылат. Ушундан пайдаланып, саясий оппо-
ненттер бири-биринин ата-тегин бурмалап, өзүнүн атандаштарын «кыргыз эмес», «кыргыз элинин душманынын тукуму», «башка өлкөнүн шпиону» экен, «бул Кыргыз мамлекетин жок кылат» — деген сөздөрдү атайлап таратышты. Мындай наадандыктарга жол бербөө, коомдук аӊ сезимге туура багыт берүү адис тарыхчылардын милдети. Ошондуктан элди адис тарыхчылардын мамлекет башына келген адамдын санжырасын тактоого кылган аракеттерин кошоматчылык катары баалабого чакыраар элем.

Тарыхый талдоолор көрсөткөндөй, азыркы президентибиздин ата-тегинде эч кандай шек жок. Анын теги түз эле XVI кылымда кыргыз элин бириктирген, элибиздин көз карандысыз өнүгүшүнө бүт өмүрүн арнаган айтылуу Тагай бийге такалат. Андан берки жети атасынын ичинде кыргыз элинин кызыкчылыктарын коргоп, элине ак кызмат өтөп, далай сыйлыктарга, элдин кадырлоосуна ээ болгон элдик адамдар чыккан экен. Улуу орус акыны А.С.Пушкин: «Өз бабаларыӊдын атактуу экенин айтып гана койбой, мактануу да керек. Аларды сыйлабоо – уят келтирээрлик наадандык» — десе, армяндардын улуу акыны Арамаис Саакаян: «Өлгөндөр – тирүүлөрдүн таянычы!» — деген экен…

Жыйынтыктап айтканда, Садыр Жапаров даӊазалуу ата-бабаларынын рухунун жана кыргызстандын элинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Президенти болду. Ата-бабалардын күчтүү рухуна таянып, кыргыз элинин жапырт колдоосу менен Садыр Жапаров элдин үмүтүн актап, мыкты Президент катары тарыхта калат деген ишеничтебиз.

Өскөн ОСМОНОВ

 

 

 

 

 

2 thoughts on “Чыӊгыз Айтматов. Санжыра. Турдакун Усубалиев тура калып 13 атасын санап бериптир…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.