ВИДЕО — БШК бир мандаттуудан 7 адамдын атын жарыялады. Арасында Чойбеков жок. Анткени…

ВИДЕО — БШК бир мандаттуудан 7 адамдын атын жарыялады. Арасында Чойбеков жок. Анткени…

БШК бүгүн, 13-декабрда, бир мандаттуу шайлоо округдарынан жеңген 7 талапкерди расмий жарыялап, бул округдар боюнча шайлоо жыйынтыгы толук чыгып бүткөнүн билдирди. Бактылуу ал талапкерлер булар:

1. Нурлан Ражабалиев, №2 Баткен шайлоо округу;

2. Ырысбек Атажанов, №3 Кадамжай шайлоо округу;

3. Өмүрбек Бакиров, №4 Көк-Жар шайлоо округу;

4. Жусупбек Коргонбай уулу, №5 Ноокат шайлоо округу;

5. Кундузбек Сулайманов, №19 Токтогул шайлоо округу;

6. Жаныбек Абиров, № 26 Ленин шайлоо округу;

7. Дастанбек Жумабеков, №20 Манас шайлоо округу.

Чойбеков шайлоодон четтетилеби?

Буга чейин БШК АСУдан (автоматтык эсептөөчү урна) түшкөн добуштарды көрсөтүп, Талас округунан алдыга Бактыбек Чойбеков чыкканын маалымдаган. Бирок бул маалыматка башка талапкерлер Айбек Бузурманкулов менен Төрөкан Жунусбеков ишенбестигин айтып, шайлоо таза өтпөгөнүн билдиришкен.

Чойбековдун үстүнөн 9 арыз түшкөн…

Талапкерлер айтымында, үгүт иштеринде Чойбеков одоно мыйзам бузган, ал боюнча фактылар бар. БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна Чойбеков боюнча далил менен 9 арыз жөнөтүшкөн. Бул тууралуу бардык ММКда («24.kg», «АкиПресс») жазылууда. Арыздарда шайлоодо элге эбегейсиз акча таратылганы, Таласта бала бакчанын курулушуна Чойбеков демөөрчүлүк кылганы, шайлоо күнү талапкердин өкүлдөрү шайлоочуларга ар бири миң сомдон сунушташканы жазылган. Арыздануучулардын бири акчаны өзү алганы да айтылган…

БШК менен ИИМ эмне деди?

БШК бул материалдардын баарын текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөткөн. Эгерде фактылар тастыкталса, Бактыбек Чойбеков шайлоодон четтетилет.

Бул маселел боюнча, текшерүү жагы эмне болуп жатат деп ИИМдин басма сөз кызматкери Адинай Шаршеевага өткөн жумада эле кайрылганбыз. Адинайга: «Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Бактыбек Чойбеков дос, ошондуктан бул иш каралбай жатат» деген да маалымат бар, анын канчалык чындыгы бар?» деген суроону да салганбыз. Ал бардыгын тактап берээрин айткан. Бүгүн кайра кайрылсак, кейиштүү абалды айтып, «чоң атам каза болуп, суранып кеткем, шефке кайрылсаңыздар» деп жазганынан, соболдорду ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовго узаттык, ал киши да тактап берээрин билдирди…

«Таласта таза шайлоо өткөн жок»

Белгилей кетсек №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына Эмилбек Абдыкадыров, Бактыбек Чойбеков, Төрөкан Жунусбеков, Айбек Бузурманкулов, Муктарбек Айтигулов, Эсен Сариев — 6 адам талапкер болуп, ат салышкан болчу…

Аралаш шайлоо системасы…

Эске сала кетсек, быйылкы шайлоо системасы өзгөртүлгөн. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы менен келмек. Мындай мыйзамга президент Садыр Жапаров ушул жылдын 27-августунда кол койгон. Ага ылайык, саясий партиялар тизмеси менен 54, бир мандаттуу округ боюнча 36 талапкер Жогорку Кеңешке депутат болуп келет.

28-ноябрда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бирок, толук жыйынтыгы чыга элек. Партиялар дагы, бир мандаттуудан аттанган талапкерлер дагы шайлоонун таза өтпөгөндүгүн баса белгилеп, шайлоону тааныбай тургандыгын айтып келишет. Бүгүн эле бир топ талапкерлер журналисттерге жыйын өткөрүштү. Шайлоо алдында президент Садыр Жапаров шайлоодо добушту сатып алгандар соттолуп кетээрин катуу эскертти, аалам таң калчу шайлоо өткөрөлү деп какшап айтты, болбоду, эски адат-жоруктар, бурмалоо, добуш сатуу, сатып алуу кадимкидей эле орун алды…

Шайлоочуларды да, талапкерлерди да козгогон АСУ…

Балээнин башын айта кетсек, 28-ноябрда шайлоо тилкелери жабылгандан кийин, БШК сайты эмнегедир эки жолу иштебей калды. Биринчисинде — партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчисинде — АСУдан (автоматтык эсептөөчү урна) түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан newess.shailoo.gov.kg сайты жабылып калган. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова негизги система үзгүлтүккө учурабаганын айтып, «эгер шайлоо жыйынтыгына нааразы тараптар болсо, анда бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырам» деген. Бирок БШКнын адаттагыдай «болуп келген, боло берет» дегендей мамилеси, айрым шайлоо тилкелеринде автоматтык эсептөө урналары добуш берүү маалында эле иштебей калганы жана шайлоо жыйынтыгында системанын жалпы жабылып калганы элде да, талапкерлерде да күмөн ойду, шек саноону күчөттү…

Кыскасы, таза шайлоо менен ааламды таң калтыра алган жокпуз… 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.