Түмөнбай КОЛДОШОВ: «Атахан Кожогуловдун китебинин тушоосун кесели, май айын ыр майрамга бөлөйлү» (Дарек)

Түмөнбай КОЛДОШОВ: «Атахан Кожогуловдун китебинин тушоосун кесели, май айын ыр майрамга бөлөйлү» (Дарек)

«Өмүрүмдө көп эле китеп окудум, өзүмө жаккан чыгармаларды кайра-кайра окугандан тажабайм, тамшанып, жатып, туруп окуй берем…» деп китеп окугандан тажабаган, «Замана» студиясынын таңкы берүүсүндө жаркылдаган, адамгерчилиги бийик, мыкты акын, тажрыйбалуу журналист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Атахан Кожогуловдун поэзия кечеси Бишкектеги Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде (И.Ахунбаев көчөсү, 121) 13-майда (саат 14:00до) өткөнү турат.

«Акын, журналист Атахан Кожогуловдун поэзия кечесине чакырабыз. Ыр окуйбуз, ыр угабыз. Атахан агабыздын жакында «Шамал кайып» аттуу жаңы ырлар жыйнагы жарык көрдү. Мына ошол китептин тушоосун кесели, акындын ыр ааламына терең сүзүп, май айын ыр майрамга бөлөйлү» деп жогоруда аталган окуу жайдын жетекчиси, белгилүү обончу, ырчы Түмөнбай Колдошов да тынбай социалдык тармакка жазып, поэзия кечеге чакырып келет. Биз дагы поэзия кечеге саналуу гана күн калганын эскертип, чакырып кетет элек.

Урматтуу поэзия сүйөрмандары, Атахандын күйөрмандары, «Эрнис экөөбүздүн туугандык жайыбыз бар эле, аяш» деп көргөн жерден жаны калбаган, байымдын чыгармачылыктагы досунун поэзия кечесине келип, көңүл ачып кетиңиздер! Жакында эле жарык көргөн «Шамал кайып» аттуу китебин сатып алууну да унутпаңыздар!

Назира СААЛИЕВА

АЛАРЧАДА АРМАН ЫР

(Жолон Мамытовдун элесине)

Бейитиңе үч тал кызыл гүл койдум,

Ийилсе да, чындык менен бир болдуң.

Саябанда көлөкөлөп эргибей,

Сапарында келдиң улуу ыр жолдун.

 

Бейитиңде күкүк сайрап күнөстөп,

Бул жазда да бактар бүчүр түйөт көп.

Жүрөгү бүт ырдан бүткөн Жокебиз,

Жүрсө керек, ыр гүлзарын түнөктөп.

 

Кайгыртып да, кубантканга жаралдың,

“кыргыз”-деген сыр дайрадай агалдың.

Кара, агы аралашкан дүйнөдө

Кайгырганда, ырларыңа таяндым!

 

Алоолонгон күндү алдыңа өңөрдүң,

Касиеттин сездиң улуу өнөрдүн.

Жапыс болду, бийик болду максаттар,

Жыгыларда, ырларыңа жөлөндүм!

 

Келчүдөйсүң кайыптан бир табылып,

Кылым күтүп кыргызыңды сагынып.

Өзүңдү бүт бериптирсиң музаңа,

Өмүр күнүң зор дайрадай агылып.

 

Буурул тартып, таңдар атып кеч кирет,

Бул жарыкта далай нерсе эскирет.

Ушул ырлар эскирбесин, эскирбей

Улуу журтту бир максатка жеткирет!

 

Ырдан бийик мунар куруп коюпсуң,

Ырларыңдай түбөлүктү болупсуң.

Үмүт берип, жүрөгүмдө соолубайт,

Үч кызыл гүл, үч кылындай комуздун!

2007-жыл

ДОСТУ ЭСТЕП

(Эрнис АСЕК уулуна)

Кечээ көргөн бүгүн жок деп кайгырып,

кан жолуңду тиктеп карек талдырып.

Кара бакты караан туттум жалгыздап,

кадырлаган жакын достон айрылып.

 

Жатат анда шыбак басып мүрзөсү,

жанда келет кайрат берген бир сөзү.

Күтүлбөстөн кырктан өтүп кыйрабай,

кылым санап узак өмүр сүрсөчү.

 

Зор дайранын агымында термелип,

Закымында кайда барып келбедик.

Сенсиз жазда жамгыр тынбай төгүлөт,

сенин жашың, менин жашым өңдөнүп.

 

Карап туруп жамгыр тынбай төккөнүн,

күндөй жарык ал күндөрдү эстедим.

Ачуу жашым аралашып жамгырга,

аттигиниң жамгыр болуп кетпедим.

 

Өмүр боюу кемиген бир тузумдур,

өмүрдөгү колдон учкан кушумдур.

Сапарымды картайткандай менин да,

Сенсиз жазды тосуп алган ушул жыл.

 

Көр турмуштан көңүл чындап кирдеди,

көзүң сындуу тиктейм ушул дүйнөнү.

Аз да болсо топук берет жаныма,

асыл күлкүң уул-кызыңда жүргөнү.

 

Чиркин тагдыр жаздырарда алдырып,

чийеленген күндөрүмдү жай кылып,

кара бакты караан кылып олтурам,

кадырлаган бир досумдан айрылып.

2020-жыл, март

ЗАЙЫРГА

Акындарым- Көкө Теңир балдары

силердики асмандагы Ай дагы!

Силердики ак чуудалу булуттар

каркыралар сап, сап тарткан андагы!

 

Акындарым-жаралгандай кайыптан,

караңгыга шоола төккөн жарык шам.

Канатымдай, кара- агындай көзүмдүн

жаратымдай, данегиндей сөзүмдүн!

 

Кыргыз ыры- кыйын күндү жашады,

кыр-жон кезди муңу-зары, азабы.

Атасынан жетим эмес айрылган

акынынан айрылган эл азалуу!

 

Кыргыз ыры- мүдүрүлүп талдыбы?

кетилдиби, тарыдыбы айдыңы?

 

Апасынан жетим эмес айрылган

акынынан айрылган эл кайгылуу!

 

Алоолонгон кымбат ырды өстүрүп

асылдарым- кеттиби же, көздүгүп.

Теңир берген тоолор ушул чайпалып

Турар, Жолон өлгөндө да өксүдүк.

 

Акын доско арзып көккө кеттиңби?

Жаңы аалам, жапжаш бойдон эскирди.

Карегимдин- карасынан таң атып,

жүрөгүмдүн- толтосунан кеч кирди.

 

Эми Күндөй ыр мейкинден агасың

жакындатып асман- жердин арасын.

Карап турар өзүң кеткен ал жолду

көрөр көзүң, Карлыгачың канатың!

 

Жарыгындай ырыскынын, ыймандын,

жалынындай сен жашаган жылдардын,

дааналанар Зайыр деген ысымың

данегиндей кыргыз жазган ырлардын.

 

Акындарым- Көкө Теңир балдары

силердики тоолор, суулар, Ай дагы.

Силердики тар дүйнөнүн чындыгы,

каркыралар канат каккан андагы!

(2020) 1-май. Аларча көрүстөнү

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.