Сот департаментинин аймактык башкармалыгы «Синегорье» пансионаты боюнча талашты түшүндүрдү

Сот департаментинин аймактык башкармалыгы «Синегорье» пансионаты боюнча талашты түшүндүрдү

«Синегорье» пансионатын мыйзамсыз тартып алуу аракеттери тууралуу буга чейин да бир катар маалымат каражаттарына чыккан. Ал маалыматтарда «тартып алганы жаткандай» айтылып жаткан Сот департаменти түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат жыйынын берди. 

Тагырагы, пансионат талашынын чоо-жайын журналисттерге Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Жолдош Асаналиев жана Ысык-Көл райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн (САКБ) сот аткаруучусу Замирбек Кадыров түшүндүрүп бергенин Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Айтылган маалыматтар боюнча, «Синегорье» пансионатына байланыштуу мүлктүк талаш-тартыш боюнча сот иштери 14 жылдан бери созулуп келет. Соттук териштирүү жыйынтыгында мурдагы сот чечимдери Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан Сот департаментинин пайдасына күчүндө калтырылган. Тагырагы, В.В. Силантьев жана Ысык-Көл-Нарын аймактык мамлекеттик мүлк башкармалыгынын ортосундагы сатуу-сатып алуу келишими сот чечими менен жараксыз деп табылып, анын жараксыздыгынын кесепетинен — баштапкы абалына кайтаруу керектиги белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 101-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызматтагы жана жеке адамдар үчүн да милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

Андыктан, КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында туура жана негиздүү, анткени Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, кызыкдар кайсы жак болбосун, өзүнүн бузулган же талашка түшкөн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылганга укуктуу. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз болуп таанылат.

Эми «Синегорье» пансионатына келсек, ал мурда «Айдың-Көл» деп аталып, Сот департаментинин балансына 1997-жылы эле Мамлекеттик мүлк фондунун токтому менен өткөрүлүп берилген. Анан бул пансионат баланска кабыл алынып, «Фемида» пансионаты болуп аты өзгөрүп, Юстиция министрлигинде катталган. «Фемида» пансионатын сатуу учурунда анын менчик ээси — мамлекет, тагырагы, Ысык-Көл-Нарын аймактык мамлекеттик мүлк жана инвестицияларды тартуу башкармалыгы болгон. Ошондой эле, ага оперативдүү башкарууну Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Сот департаменти жүргүзүп, сатуу учурунда да ээлик кылып, пайдаланып келген.

Бирок, 2003-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин макулдугусуз Ысык-Көл-Нарын аймактык мамлекеттик мүлк жана инвестицияларды тартуу башкармалыгы менен В.В.Силантьевдин ортосунда «Фемида» пансионатын мүлктүк комплекси катары жалпысынан 1 150 000 сомго сатуу боюнча №1 сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөн.

Мыйзамдык серепке салсак, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 183-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацына ылайык, арзыбаган келишимдин жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу тууралуу талапты каалаган кызыкдар тарап кое алат.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Сот департаменти 2008-жылы Ысык-Көл-Нарын аймактык мамлекеттик мүлк жана инвестицияларды тартуу башкармалыгы, В.В.Силантьев жана Ысык-Көл райондук нотариалдык конторасына карата Ысык-Көл-Нарын аймактык мамлекеттик мүлк башкармалыгы тарабынан 06.02.2003-жылы өткөрүлгөн коммерциялык cынакты жараксыз деп табуу; ошондой эле, В.В. Силантьев менен Ысык-Көл-Нарын аймактык мамлекеттик мүлк башкармалыгы ортосундагы сатуу-сатып алуу боюнча 07.04.2003-жылдагы келишимди жараксыз деп табуу жана анын жараксыздыгынын кесепеттери катары — баштапкы абалына кайтаруу доо арызы менен сотко кайрылган.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

P.S. Мамлекеттик мүлккө болгон оперативдүү башкаруу — чектелүү буюмдук укук экени маалым. Бул жагдайда, мамлекет менчик ээси катары калып, кайсы бир мүлктү, мүлктүк комплексти белгилүү бир тарапка оперативдүү башкарууга бере алат. Бул укукту алган тарап ал мүлккө ээлик кылып, белгилүү мыйзамдык ченемде пайдаланып, керектейт. Эми бизде “…мамлекеттик мүлктү чарбалык башкарууга, оперативдүү башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга белгиленген тартипте өткөрүп берүү” ишин “мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыктарын коргогон” Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду (ММБФ) жүргүзөт. Айрым маалыматтар боюнча, пансионат боюнча балээнин баары фонддун калпыс ишинен башталгандай. Анткени, “уккан кулакта жазык жок” дейт, ММБФ “Фемида” пансионатын Сот департаментине өткөрүп берген болуп, кийин В.В. Силантьев мырзага 27 миң долларга сатып ийген экен…

Айтмакчы, бул ишкердин жактоочусу Рустам Абдурауфовдун буга чейинки билдирүүлөрүнө, соңку башка маалыматтарга карасак, көп жылдык бул талашка жакын арада чекит коюлчудай эмес. Башкы прокуратура «укуктук баа бергиле» деп кайрылган «Синегорье» ЖЧКсы жана анын ээси Владимира Силантьев тараптык болуп жаткандай… Тагырагы, Башкы прокуратуранын Ишкерлердин укуктарынын жана экология чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Айдин Дегенбаев пансионат талашын текшерүү учурунда пансионатты сатууга байланыштуу тийиштүү көп документтерди карап чыгышканын, жыйынтыгында толтура мыйзамсыз иш-аракеттер, чечимдер, жаңылыштыктар, катачылыктар табылганын, текшерүү дагы уланарын, баарына юридикалык баа берилерин айтып чыкты…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.