Руслан ЖАКЫШОВ: «Бири-бирибизге каралашып, кыйынчылыкта бирге турганда гана бийиктиктерди багынта алабыз»

Руслан ЖАКЫШОВ: «Бири-бирибизге каралашып, кыйынчылыкта бирге турганда гана бийиктиктерди багынта алабыз»

1-октябрь — Карылардын майрамы. “1-октябрь — Эл аралык карылар күнү” деп Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясында 1990-жылы токтом кабыл алынган. Токтомдун максаты — карылардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.

Бул майрам 32 жылдан бери Кыргызстанда да белгиленип келет. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов ата-энелерди майрамы менен куттуктады. Эл өкүлүнүн куттуктоо сөзү төмөндө:

Карылар күнүн белгилөөнүн максаты —  улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу, колдоо көрсөтүү жана коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү. 32 жылдан бери Кыргызстанда да бул күн кызуу белгиленип, жаштар улгайган адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, жылуу сөздөрүн арнап, ден соолук каалап, колдоо көрсөтүп келет.

Урматтуу ата-энелер, бүгүнкү күндө да көпчүлүгүңүздөр өндүрүштө жана коомдук иштерде жигердүү иштөөнү улантып, өсүп келе жаткан муунга үлгү болуп келатасыздар. Ар дайым жаныңыздарда мээримдүү, ыймандуу, камкор балдарыңыздар, небере-чөбөрөлөрүңүздөр, туугандарыңыздар бар болсун. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Майрамыңыздар менен!

«Кыргызстан бир чоң үй-бүлө»

Белгилей кетсек, Руслан Жакышовдун жеке демилгесинин негизинде 10 жылдан бери Бишкек шаарындагы 47 жаңы конушка бир катар кайрымдуулук жумуштары жасалып келе жатат. Мына кечээ жакында эле депутаттын демилгеси менен Бакай-Ата, Талас райондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды. Тагыраагы, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш, Ак-Дөбө жана Талас районунун Арал (Коммунизм) айыл өкмөттөрүндөгү 500дөй үй-бүлө жардам катары көмүр алышты. “Колунда жокко кол сунуп, көмөк көрсөтүү бабалардан калган башкы баалуулугубуз. Андыктан бүгүн жасалып жаткан кайрымдуулук ишибизди бир туугандык белек катары кабыл алышыңыздар керек. Кыргызстан бир чоң үй-бүлө. Биз ошол үй-бүлөнүн мүчөлөрүбүз. Бири-бирибизге каралашып, кыйынчылыкта бирге турганда гана бийиктиктерди багынта алабыз”,– деди эл өкүлү Руслан Жакышов.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.