Орозбек МОЛДАЛИЕВ: “Токол алууга үндөө — мыйзамды тоготпостук”

Орозбек МОЛДАЛИЕВ: “Токол алууга үндөө — мыйзамды тоготпостук”

Бүгүн мурдагы муфтий, диний аалым Чубак ажы Жалилов аялы менен ажырашпай эле экинчи аял алганын, ага аялы бир аз капа болуп жатканын жана башка эркектерди да шарты болсо токол алууга чакырык таштаган видеосу жарыяланып, ал чуу жаратты. Бул боюнча буга чейин депутаттар Аида Салянова менен Исхак Масалиев мыйзам жолун түшүндүрүшкөн. Ал эми дин жолунда жүргөн, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Орозбек Молдалиев да бул маселе боюнча өз оюн айткан. Аны менен “Азаттык” радиосунун мыкты журналисти Заирбек Бактыбаевге маек курган. Абдан жакшы маек болгон.

Молдалиев: Кыргызстанда эки аял алганга да, көп аял алганга да мыйзам тыюу салат. Ал үчүн эки жылга чейин жоопко тарта турган жаза бар. Чубак ажыдан мурун муну Өзбек ажы Чотонов баштаган. Мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиевдин да жаңжалдуу видеосу чыгып кеткенде, ал “бул менин аялым” деп билдирген. Демек, эки аялы бар экенин коомчулуктун алдында мойнуна алган. Ал муфтийликтен алынып эле, ошону менен жоопко тартылган жок.

“Азаттык”: Кылмыш кодексиндеги 153-берене, атап айтканда, эки жана андан көп аял алууга тыюу салган берене эмне үчүн иштебей келе жатат?

Молдалиев: Муну юристтер «экинчи аял алган адамдын аялдарынан арыз болушу керек же үстүнөн башкалар арызданышы керек» деп түшүндүрүшкөн. «Ошондо гана иш козголот» дешкен. Мисалы, прокуратура мыйзамдардын иштешин камсыз кылышы керек. Алар деле сунуш кылып, иш козготсо болот.

“Азаттык”: Кыргызстанда молдолордон тышкары, белгилүү эле адамдардын, саясатчылардын, мамлекеттик жогорку кызматтарда отургандардын да экиден аялы бар экени айтылып жүрөт. Ушундай көрүнүштөргө коомчулуктун реакциясы кандай болушу керек? Анан аларды колдогондор да чыгып жатканын эмне менен түшүндүрөсүз?

Молдалиев: Бул мыйзамдын иштебегенинен жана коомдо моралдын төмөндөп кеткенинен болуп жатат. “Биздин ата-бабаларыбыз деле эки аял алган, алса эмне болот эле” дегенди биздин аттуу-баштуу кишилер деле айтып жүрөт. Бул маселелерге коомчулуктун реакциясы да курч болбой жатат. Колдоп койгондору да бар. Прокуратура, сот, күч органдары 153-беренени жокко чыгарышы керек же аны толук иштетиши керек. «Легендарлуу парламентте» да «бизде көп аял алгандар деле жок да» деген шылтоо менен «көп аялдуулукка каршы беренени алып эле салбайлыбы» деген көп аракеттер болгон. Бирок ал кезде дүйнөбий (светтик) мамлекетти жактоочулардын позициясы күчтүү болуп, мыйзамдагы берене алынбай калган. Бул абдан жаман үлгү көрсөткөн берене болуп турат. Ал иштебегенден кийин башка мыйзамдар да иштебейт. Коомчулуктун айыптаган сөзүн тоготпой, Крыловдун тамсилиндей болуп өз билгенин кылып жатышпайбы.

“Азаттык”: Диний аалымдардын мыйзамдарда, Конституцияда тыюу салынган иш-аракеттерге ачык чакырык таштаганы Кыргызстандын келечегине кандай таасир этиши мүмкүн?

Молдалиев: Мыйзамдарды сыйлабастык терс таасир этет. Аалымдар өздөрү мисал көрсөтүп жатат. Алар көрүнүктүү, эл карап турган кишилер. Анан аалымдарга өзүнчө, аалым эместерге өзүнчө деген мыйзам болбойт. Дүйнөбий мамлекетте бир эле мыйзам болот. Бул мыйзамдарды тоготпостук. Айрым эл өкүлдөрү да ошолорду колдоп чыгып жатышпайбы. Дүйнөбий мамлекетти жактагандар буга жакшы такат бере албай жатышат.

“Азаттык”: Эми коомчулук бул сыяктуу мыйзамга каршы келген чакырыктарга кандай жооп кайтарышы керек эле?

Молдалиев: Үлгү боло турган кишилер, аттуу-баштуу адамдар, интеллигенция өз пикирин айтышы керек. Эки же көп аялдуулук мыйзамдарды сактоо, конституциялык укуктардын тебеленип жатканы боюнча ойлорун айтышы зарыл. Шарият боюнча жашагыдай биз ислам мамлекети эмеспиз. Дүйнөбий мамлекет өз принциптерин сакташы керек. Болбосо ал өз принциптерин жоготуп, же дүйнөбий эмес, же диний эмес, арабөк мамлекет болуп калат. Анда өлкөнүн келечеги кыйын болот. Бүгүн эки аял алууга уруксат алса, эртең башка маселелер жаралып, «келгиле, шарияттын мыйзамдары менен жашайлы» деген сунуштар чыкса, кандай кылабыз?

“Азаттык”: Эки аялдуулуулукту жактагандардын көбү социалдык проблемаларды негиз кылып көрсөтүп жатышат. Мисалы, «турмушка чыкпаган кыз-келиндер көп, чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгып, бактысыз болуп жатышат» деген жүйө келтирип жатышат. Сиз буга кошуласызбы?

Молдалиев: Статистика боюнча, Кыргызстанда нике курагындагы кыздар, тескерисинче, эркектерге караганда азыраак. Ал эми 40-50 жаштагылардан кийин аялдардын көбүрөөк экени чын. Анан муну социалдык маселе менен түшүндүргөндө аялдардын укугу кайда калат?

Бул жерде илгерки заманды идеалдаштырган менен кыргыздардын турмушу шарияттан да катуу болгон. Байбиченин балдарына караганда токолдун балдарынын укугу төмөнүрөөк болгон. Бизде кээ бир адамдар «кыргыздарда мурда деле байбиче-токол болгон, ынтымактуу жашаган» деп жөн эле идеалдаштырып жатышат. Чын-чынында ынтымакта деле болушкан эмес. Ал маселелерде чатак деле болгон. Ошондуктан «бул социалдык маселени чечет» дегени — жөн эле шылтоо.

Заирбек БАКТЫБАЕВ, «Азаттык» радиосу

One thought on “Орозбек МОЛДАЛИЕВ: “Токол алууга үндөө — мыйзамды тоготпостук”

  1. Биздеги мыйзамдардын иштебегендигинин коп себептери бар.Негизги себептеринин бири мыйзам кандайдыр бир улуу идеялардын негизинде куралган эмес.Биз ар кимден алып чогултуп алган мыйзам менен жашап жатабыз ошон учун баш аламан чар жайыт аткарылбайт.Жарандар Мыйзамдан Кудайдын каары тогулчудой коркуп туруш керек.Мыйзам адамдын акылын канаатандырып,журогун тынчтандырып жана жашоого ылайыктуу болуусу абзел.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.