Түрмөдөн төрт киши качкандыгына байланыштуу эки милиция камалды

Түрмөдөн төрт киши качкандыгына байланыштуу эки милиция камалды

Кечээ, 27-ноябрда, Сокулук ИИБнин тергөө абагында камалып турган жерден төрт адам таңкы саат алтыларда качып чыгып, аларга Бишкек жана Чүй милициясы “Сирена” планын жарыялап, издөөгө киришип, бүгүн экөөнү (40 жаштагы Рамил Базаркулов жана Бакыт Дилдешов) Бишкек шаарынан колго түшүрүлгөн. Ал эми калган экөө  (32 жаштагы Багтият Ачылдурдиев менен 28 жаштагы Кайрат Жанботоевди) издөө иштери уланууда.

Абактан төрт кишинин качып кетишине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 316-беренелердин негизинде (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Шалаакылык”) кылмыш ишин Сокулук райондук прокуратурасы козгоп, эки милиция кызматкери убактылуу тергөө жайына камалды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.