Сапар ИСАКОВ: “Таза иштеген адам гана бактылуу”

Сапар ИСАКОВ: “Таза иштеген адам гана бактылуу”

Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-февралда, Финансы полициясынын органынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, куттуктап, Ардак грамота, саат тапшырды. Финансы полициясынын жетекчилигине «Нива» үлгүсүндөгү алты автоунаага сертификатты берди.

Сапар Исаковдун айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн салык жана бажы тутумунда, ошондой эле укук коргоо органдарында реформаларды баштоого мүмкүндүк берген алгылыктуу өзгөрүүлөр болуптур. Ал Өкмөт тарабынан мындан ары карай финансы полициясынын материалдык-техникалык базасын жана мотивациясын чыңдоого чоң көңүл бөлүнөрүн баса белгиледи.

Эң жакшы сөзү бул болду: «Башынан аягына чейин таза иштеген кишинин аты түбөлүктүү калат. Ал киши бактылуу. Мен дагы сиздерге бакыт каалайм», — деди. Өзү тазабы? Кызматта келгени башынан аягына чейин таза иштеп жатабы?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.