Күйөө бала кайын-журтуна барып, 6 адамды бычактаган…

Күйөө бала кайын-журтуна барып, 6 адамды бычактаган…

СҮРӨТ: «Турмуштан» алынды.

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, бир нече адамдардын денесине оор жаракат келтирип, изин жашырып качып жүргөн, Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылында 1984-жылы туулган Б.М. аттуу бала бүгүн эртең менен кармалган. Ал буга чейин уурулук жана мал уурдоо фактылары менен бир нече жолу соттолгон.

Б.Мнын колунан бир адам каза болуп, беш адам аймактык ооруканага жаткырылган. Жабырлануучулардын ичинде 6 жаштагы бала (уктап жаткан жеринен бычак менен сайган) дагы бар.
Б.М. мас абалында мурдагы аялына келип, уруша кеткен. Чыр-чатактын айынан мурдагы жубайын жана анын туугандарын ашкана бычагы менен сайып салган. Үйүндөгү чырды угуп, 1983-жылы туулган коңшусу жардамга келгенде, ага дагы бычак сайып, денесине оор жаракат келтирген. Коңшусу алган жаракатынан райондук ооруканага жетип каза болгон. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Учурда Базар-Коргон РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КРнын кылмыш -жаза кодексинин 97-беренесинин 2-пунктунун 6-бөлүгү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.