Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Мекенибизди көздүн карегиндей коргоңуздар!”

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Мекенибизди көздүн карегиндей коргоңуздар!”

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Ал төмөндөгүдөй:

 “Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды Мекенди коргоочулардын күнү менен чын пейилимден куттуктайм. Өлкөбүздүн Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп жаткан Мекенди коргоочуларга жана атуулдук парзын өтөп, ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлерибизге Мекенге арнаган кызматтары үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Бүгүнкү күн – тарыхый күн. Мындан 100 жыл мурда Кызыл Армия жана Аскер деңиз флоту түзүлгөн. Даӊктуу тарыхый жолду басып өткөн согуштун жана ооруктун ардагерлеринин көөнөрбөс салтын жаӊы муундун өкүлдөрү татыктуу улап келүүдө.

Куралдуу Күчтөр дайыма мамлекеттүүлүктүн тиреги болуп келет. Мекенди коргоо – бул Ыйык милдет. Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгы, жөндөмү улуттук коопсуздуктун маанилүү фактору болуп эсептелет.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерге бекем ден соолук, тынчтык жана зор ийгиликтерди каалайм. Мекенибизди көздүн карегиндей коргоп, аскердик күжүрмөн даярдыгыңыздар дайыма бийик деңгээлде болсун!”

Эскерте кетсек

СССР доорунда 23-февраль — Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалчу. Эгемендик алгандан кийин, биздин өлкөдө бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан кызыл менен белгиленип, майрамдала баштады. Бүгүнкү майрамды армияда болгондор да, болбогондор да, майрамдап жаткан кези. Майрамыңыздар менен, мырзалар!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.