8-мартта аялдарга президент 11 доллардан берет

8-мартта аялдарга президент 11 доллардан берет

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атынан Эл аралык аялдар күнүнө карата өлкө айымдарына быйыл 40 манаттан (11,4 АКШ доллары) акчалай белек берилет. Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы кол койгон. Президенттин атынан 40 манаттык сыйлыкты Түркмөнстан айымдары жыл сайын алышат.

Түркмөнстандын расмий басылмалары кабарлагандай, акчалай сыйлык мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлерге, пенсия жана жөлөк пул алгандарга, аспирантура, докторантура, ординатурада окугандарга, студент, мектеп окуучуларына жана бала бакчага баргандарга берилет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.