Иса ӨМҮРКУЛОВ: “Жарыбаган айлык алган мугалим ипотеканы кантип төлөйт?”

Иса ӨМҮРКУЛОВ: “Жарыбаган айлык алган мугалим ипотеканы кантип төлөйт?”

Бүгүн вице-премьер-министр Санжар Мукамбетов мамлекеттик ипотека тууралуу парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында маалымдады. Ал депутаттарга турак жайдын эскириши 40 пайызга жеткенин, абалды оңдоого багытталган иштер «Арзан турак жай — 2015-2020» программасын алкагында жүрүп жатканын жана Чүй жана Нарын облустарында көп батирлүү 2 үй курулуп жатканын айтты.

Ошондой эле ал: «Компания быйыл калган облустардын борборлорунда – Каракол, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас шаарларында арзан турак жай кура баштайт. Анан, албетте, курулуштун сапатына өзгөчө көӊүл бурулат», — деп кошумчалады Мукамбетов. Анын маалыматын уккандан кийин, депутат Иса Өмүркулов мындай суроо узатты: “Ипотека төлөө мөөнөтүн кеминде 25 жылга узартып, төлөм пайызын азайтуу зарыл. Антпесе, жарыбаган маяна алып жаткан мугалим ипотека акысы үчүн айына 20 миң сомду кантип төлөйт, ойлонуп көрдүӊөрбү?”

“Мугалимдер эле эмес, медициналык кызматкерлер төлөгөнгө чамасы жетпейт”

Мугалимдер эле эмес, медициналык кызматкерлер да мамлекеттик ипотека боюнча насыя алууга чамалары чакталуу экенин депутат Карамат Орозова айтты. Ал мамлекеттик ипотека насыясынын коммерциялык банктар тарабынан берилип жаткан жөнөкөй ипотекалык насыядан эмнеси менен айырмалана турганына кызыкты.

“Ипотекалык төлөмдөр каражаттын жетишсиздигине такалууда”

“Ипотекалык төлөмдөрдүн жогору болгону барып-келип эле каражаттын жетишсиздигине такалууда», — дейт мамлекеттик ипотека компаниясынын башчысы Бактыбек Шамкеев. Ал коммерциялык банктар ипотекалык насыяны 18-26 пайыздан берсе, мамлекеттик ипотека 8-10 пайызды түзө турганын, коммерциялык банктар насыяны 5 жылга берсе, мамлекеттик ипотека 15 жылга бериле турганын билдирди.

Ар кайсы аймакта ипотекалык үйлөр курулат

Андан тышкары, КР Президенти тарабынан 2018-жыл Региондорду өнүктөрүү жылы катары жарыялангандыктан, ар кайсы аймакта көп кабаттуу ипотекалык үйлөр курула турганы белгилүү болду. Андан тышкары, 20 чакан шаардын мэриясы менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.