Бүгүн БШК Салянованын мандатын алуу маселесин карайт

Бүгүн БШК Салянованын мандатын алуу маселесин карайт

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн саат 14:00дө, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы мандатынан ажыратуу маселесин карайт. Алар жыйын ачык болорун, ага журналисттер катыша аларын билдиришти.

Эскерте кетсек, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Саляновага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган») айып тагылган. «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны эл өкүлү үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Адвокаттар “мандатын алып салуу туура эмес” дешүүдө…

Мындай айыпты Аида Жеңишбековна жана анын адвокаттары четке кагып, “саясий буйрутма, саясий куугунтук” деп эсептейт. Депутат өзү да, адвокаттары да сотто кагаз жүзүндө эч кандай күнөөсү жок экенин далилдеп берсе да, аны сот эске албай, өздөрү каалагандай өкүм чыгарды. Елисеевдин узарган лицензиясынан эч ким, мамлекет эч бир зыян тартпаганы далилденип турса да, соттор көз жаздымга салышты. Андыктан соттун чечимин туура эмес экенин, Аида Салянова жазаны кызы 14 жашка чыккандан кийин өтөй турганын, мандатын алып салуу туура эмес болорун айтышууда. Ал эми БШК өкүлү Абдыжапар Бекматов “мандатты алууга мыйзамдуу негиздер бар” деп көшөрүп келет. Демек, мандатын алып коюшат. Кандай болгон күндө да, бул тарых. Кимдин ким экенин, кандай мыйзамсыз иш жүргөнүн тарых өзү учуру келгенде далилдейт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.