Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазып, видеосун жайгаштырды. Аларга 2017-жылы тартылган бул видеону Call-центр салган экен. Бу видео боюнча аталган сайт Муфтиятка кайрылган.
Видеодогу мындай көрүнүш Баткен облусундагы Кадамжай районунда болуп, медреседеги таяк жеген балдар ата-энесине айтайын десе, алардын жанында телефон болбоптур.
Бул боюнча медресенин мүдүрү сөгүш алган
Аталган сайттын редакциясы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына бул маселе боюнча кайрылышканда, алар мындай деп жооп берген: “Бул маселе боюнча бизге мурда эле арыз түшкөн. Биз дароо чара көргөнбүз: медресенин мүдүрүнө сөгүш берип, күнөөлүүлөрдү кетиргенбиз. Биз Кыргызстандагы бардык медресенин кызматкерлерине эскертүү бергенбиз”.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы