Жылаңачтанып шоу көрсөткөн өспүрүм кыздар кармалды

Жылаңачтанып шоу көрсөткөн өспүрүм кыздар кармалды

Порнографиялык мүнөздөгү иштерге өспүрүм кыздарды тартуу фактысы катталганы тууралуу ШИИБнин басма сөз кызматы бүгүн билдирди. Алардын айтымында, жашы жете элек кыздарды тартуу менен алектенген бир нече сутенёрлор аныкталып, кармалган.

Кардарларды тейлеген кыздар

Маалыматтын билдирүүсүнө караганда, алар ар түрдүү даректе жайгашып, батирде студияда ачып, интернет аркылуу иш алып барышкан. Анда болжол менен 10-15 кыз иштеген. Алар жылаңачтанып, эротикалык жана порнографиялык шоу көрсөтүп келишкен. Кыздар интернет аркылуу кардарлар менен маектешип, алардын талаптарын акчага аткарып келишкен. Ал жерге кыздар ар кайсыл аймактардан келишкен, борбордогу окуу жайларда окуган 5 кыз болгон. Алар веб-камера аркылуу чет өлкөлүк кардарларга кызмат көрсөтүшкөн. Аларды тинтүү учурунда, 10 компьютер, 16 веб-камера, флеш-карта, сим-карта, интимдик оюнчуктар табылган.

Арыз жазган кыздын негизинде кармалган

Маалым болгондой, бул боюнча жабыркаган кыз арыз жазып, ошонун негизинде шектүүлөр кармалган. Алар кулактандыруу аркылуу жумуш издеген кызга чалышып, аны маектешүүгө чакырышкан. Алдоо жолу менен жашы жете элек кызды чет элдик жарандарга онлайн-интим кызматын көрсөткөн студияда иштөөнү сунушташкан.

Шектүүлөр кармалып, камалды

Натыйжада, мындай мекемени уюштурган Ош облусунда 1993-жылы туулган М.К менен мекеменин администратору Баткен облусунда 1991-жылы туулган Ж.Н. кармалган. Учурда шектүүлөр Биринчи май райондук соттун чечими менен СИЗОго эки айга камакка алынды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.