Министр өзү Өзүбековду Кыргыз драма театрына «жетелеп» барды

Министр өзү Өзүбековду Кыргыз драма театрына «жетелеп» барды

КРнын эмгек сиңирген артисти, тамада, ырчы,актер Асылбек Өзүбеков бир жылдык келишим менен Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрынын жетекчиси болду. Бул тууралуу бүгүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, театрдын мурдагы башчысы Назым Меңдибаиров өз арызы менен жетекчиликтен кетип, ушул эле театрда көркөм жетекчи кызматына өткөн.

Асылбек Өзүбеков 1-мартта 60 жашка толду. Ал Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылында төрөлгөн. “Тунгуч” театрында эмгектенип келген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.