Текебаев түрмөдөн тоголок кат жөнөттү…

Текебаев түрмөдөн тоголок кат жөнөттү…

«Ата Мекен» партиясынын лидери Текебаев Өмүрбек Чиркешович  аталган партиянын айымдарын 8-март майрамы менен куттуктоо кагазын жолдоду. Анда мындай деп жазылат: “Урматтуу «Ата Мекендин айымдары! Сиздерди 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм. Аялдар үй-бүлөдө гана эмес, коомдо да татыктуу орун ээлеш керек! «Ата Мекендин айымдары бүт кыймылдын авангардында. Биз сиздер менен сыймыктанабыз. Сиздерге ден соолук, бакыт, ийгилик каалайм».

 

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев былтыр «Сентябрь» телеканалынын айымдарын открытка менен, быйыл, жакында эле жубайы Айгүл Текебаеваны туулган күнү менен куттуктаган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.