Айымдарга “Адан” арноо арнаган Аралдын атуулу

Айымдарга “Адан” арноо арнаган Аралдын атуулу

Талас районуна караштуу Арал айылынын тургуну Мирлан Салиев аялзатынын майрамын куттуктап, аларга жалаң “А” тамгасынан турган арноо жазып, бизге жөнөтүптүр. Анда эмесе, кулак төшөйлү, айымдар!

Азыркы арнообуз алтындай ардактуу асыл АПАларга, акылын айткан апчелерге, алмончоктой айперилерге, айназик айымдарга арналат. Ааламдын ажарын ачкан — аялзаты. Азаматтарды аздектеп асыраган — аялзаты. Анткени, алар алмаштыргыс — АПА.

Атыңдан айланайын алтын АПА, аттаган арышыңар, акылыңар, айткандарыңар алкышка арзыйт. Апалардын айткандарын аткаралы, ардактайлы, азаматтар. Анткени ааламда асыл адам — АПА.

Ашыктыктын айынан азаматтар аргасыздан айымдарга арбалышат. Анан ашыгына асмандагы айды алперип, арзууларын айтып, арноолорун арнашат.

Акырында аталарга, агаларга, алкынган азаматтарга айтаарым, Алтындай Апаларга, айымдарга асыл арноолорду арнайлы.

Алдыңыздарга атайы арноо арнаган Аралдын атуулу

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.