Өмүрбек БАБАНОВ: “Биздин ааламыбыз – сиздер, айымдар!”

Өмүрбек БАБАНОВ: “Биздин ааламыбыз – сиздер, айымдар!”

Өмүрбек Бабанов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандагы айымдарды майрамы менен эки тилде (кыргыз, орус тилдеринде) куттуктады.  Кыргызчасы мындай:

“Кымбаттуу, сүйүктүү айымдар!

Жаз менен кошо келген салыштыргыс сулуулуктун ээлери! Сүйүнүч тартуулаган энекелер, эже-карындаштар, түбөлүк жарлар, кыздар, кесиптештер жана достор! Биздин ааламыбыз – сиздер! Сиздер менен болгон ар бир көз ирмем – жашообуздагы эң кымбат белек! Майрам кут болсун!”

Урматтуу айымдар! Сиздерди «Алакан» сайтынын эмгек жамааты да майрамыңыздар менен куттуктайт. Сиздерге ак таңдай ачык көңүл, узун өмүр, сый-урматтын төрүн, ылдый эмес, өрүн, ырыскынын көбүн, ден соолуктун бекемин, жакшылыктын неченин каалайт! 

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.