Катмандуда күйүп кеткен учакта кыргыздар болгон эмес

Катмандуда күйүп кеткен учакта кыргыздар болгон эмес

Непал Федеративдик Демократиялык Республикасынын Катманду шаарында кечээ, 12-мартта, “Трибхуван” эл аралык аэропортуна конууга даярданып жаткан US-Bangla Airlines компаниясына таандык жүргүнчүлөрдү ташуучу учак кырсыкка учураган. Учак аэропортко конуп жатканда учуп-конуу тилкесине жетпей, аэропорттун жанындагы футбол аянтчасына түшүп, күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 49 адам каза болуп, 22 адам жаракат алган. Учактын ичинде жалпы 71 адам болгон. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экендиги тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.