Эркин БУЛЕКБАЕВ: “Бийлик коррупцияга белчесинен баткан”

Эркин БУЛЕКБАЕВ: “Бийлик коррупцияга белчесинен баткан”

“Биз думугуп жатабыз” аттуу акциясы Бишкек шаарынын мэриясынын алдында болуп өттү.  Ал жерге активисттер чогулуп, «Биз думугуп жатабыз!», «Мэр, кетсин!”, «Мэр, чык эшикке!» деп жазылган плакаттарды колдоруна көтөрүп алышып, мэр Албек Ибраимовдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Мэриянын алдына Эркин Булекбаев, Гүлнара Журабаева, Эдил Байсалов, Чолпон Жакупова, Рита Карасартова, Өндүрүш Токтонасыров, Айбек Мырза жана башка активисттер катышты.

«Бак-дарактар массалык түрдө кыйылып жатат!»

Эркин Булекбаевдин айтымында, бак-дарактар массалык түрдө кыйылып жатат. “Бийлик коррупцияга белчесинен баткан. Алар жасаган кадамдары үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек!”,- дейт «Жашылдар» партиясынын лидери Эркин Булекбаев.

Гүлнара ЖУРАБАЕВА: “Бактардан бизнес жасап жатышат”

Ал эми Гүлнара Журабаева: «Шаардын жашыл аймактарын мыйзамсыз түрдө сатып, бактардын ордуна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна мүмкүнчүлүк беришүүдө. Булар бактардан бизнес жасап, акча кылып жатышат. Алар үй куруучулар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, жашыл парктардын баарын сатууд”,-дейт Журабаева.

Ал эми мэрия болсо…

Былтыр Бишкекте үч миңдей бак кыйылган. Ошондо мэрия бак-дарактарды кыюу аргасыз чара болгонун, карып, ичинен чирип жаткан бактар кыйылып жатканын айтып, кыйылган бир бактын ордуна былтыр жети, быйыл он бештен көчөт отургузулганын маалымдаган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.