Мавлян Аскарбеков соттун чечимине макул эмес

Мавлян Аскарбеков соттун чечимине макул эмес

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Эркин эл» саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековдун кезектеги соту болду. Судья Эмил Кайыпов аны күнөөлүү деп таап, мамлекетке 50 000 сом төлөөгө милдеттендирди. Мавлян Аскарбеков чечимге нааразы экенин айтып, шаардык сотко кайрылаарын билдирди. Себеби, айыпталуучу жана адвокаттар буга чейин сот ишти калыс карабай, конституциялык укуктары бузулуп жатканын айтып, бир нече жолу ишеним көрсөтпөө тууралуу доо арыз беришкен.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга үндөө”) менен кылмыш иши козголгон. Ал 2017-жылдын 16-январындагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда “бийликти басып алууга чакырган” деп айыпталууда. Андагы айтылган сөздөрдү Улуттук университеттин, БГУнун, Илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин кызматкерлери талдап чыгышкан.

Мавлян Аскарбеков негизи туура маселе көтөргөн. Учкун-2 жана авиакырсыктан жабыркаган Дача СУ конушундагы тургундардын таламын талашкан. “Элден чогулган акчаны бийлик ачык көрсөтүп берсин, чындап эле жабыркагандар алдыбы же айыл өкмөтү же башка бирөө ортодон акчаны жеп кеткен жокпу? Эмнеге азыркыга чейин жүктүн ээси табылган жок, аты аталган жок” деген маанилүү, көйгөйлүү маселени көтөрүп чыккан. Бийликке ушундай ачуу суроону кабыргасынан койгондуктан суралып жүрөт. Бул баарыбыз көтөрө турган маселе болчу…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.