Албек ИБРАИМОВ, мэр: “Ош базарын” шаардын четине көчүрүү керек”

Албек ИБРАИМОВ, мэр: “Ош базарын” шаардын четине көчүрүү керек”

Бишкектеги “Ош базарынан” кайрадан өрт чыкты. Жыл башынан бери ушуну менен базар үчүнчү жолу өрттөндү. Өрт «Берекет гранд» соода борборунун жанындагы жуунуучу каражаттарды саткан катардан чыккан. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргенине караганда, тилсиз жоо түнкү саат 04:00дө башталып, таңга маал 7:40та өчүрүлгөн. Жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.

Алты адис иске ууланып, бири күйүп калган

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы «Азаттыкка” билдиргенине караганда, өрткө каршы кызматтын алты адиси иске ууланып, бири күйүп калган. Алар ооруканага жатуудан баш тартып коюшкандыктан, ошол жерден медициналык жардам берилген.

Базра боюнча мэр эмне деди?

«Ош базарын” шаардын чечине көчүрүү долбоору иштелип чыкканы тууралуу бүгүн калаа башчысы Бишкектин жолдорун оңдоо иштери боюнча жүргүзүлгөн рейд учурунда билдирди. Анын айтымында, шаардын чечине бир гана Ош базары эмес, башка соода түйүндөрү дагы көчүрүлөт. Мэр «Ош базары” соода түйүндөрүнө толгондуктан, мындай соода жайлары айланма жолдун жанында жайгашышы керектигин баса белгиледи.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.