Аскарбек Шадиев сакталып келген депутаттык ордуна кайтып келди

Аскарбек Шадиев сакталып келген депутаттык ордуна кайтып келди

Аскарбек Шадиев 1-вице-премьер-министр кызматынан кетүү арызын 6-апрелде жазган. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков аны канааттандырды, тагырагы, аны кызматтан бошотуу жарлыкка кол койду. Бирок, А.Шадиев таптакыр эле кызматтан кетип калган жок. Ал мыйзам боюнча ЖКдагы депутаттык (сакталып келген) ордуна кайтып келди.

Ч.Турсунбеков менен А.Шадиев эмнеге беттешти?

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов сыйлыгына бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалып, каражаттын жоголушу боюнча УКМК тергеп, тергөөнүн негизинде далай адамды суракка алган. Парламенттин Эл аралык комитетинин ошол кездеги төрагасы А.Шадиев эки жолу суракка чакырылып, көрсөтмө берген. Экс-спикер Чыныбай Турсунбеков да суракка чакырылып, Шадиев экөө беттешкен. Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна да шектүү катары иш козголгон.

Акчаны Арсен Закиров алган экен…

Себеби, Арсен Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган. Бул иш быйыл жыл башында ачыкка чыгып, акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда алганы белгилүү болгон. Башкы прокуратура ага кылмыш ишин козгоп, камакка алынган.

Аскарбек Шадиев: “30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм”

А.Шадиев сыйлыкка бөлүнгөн каражатты бөлүү боюнча өтүнүч катка кол койгонун өкүнүч менен айтып жүрөт. Ал учурунда «Азаттыкка” мындай жооп берген: “Арсен Закиров Жогорку Кеңеште буга чейин эле иштеп жүргөндүктөн мен ага ишенгем. “Акча буга чейин эле берилип жүргөн, кийин бюджетте акча калбай калат, ошон үчүн эртерээк бөлүп коелу” деп келгенинен акчаны берүү боюнча документке кол коюп бергем. Бул былтыр август айында болгон. Бирок ошол 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм.

Учурда ал ооруканада…

Ушуга жүрөгү ооруп калганбы, айтор, «Бир бол» фракциясынын депутаты А.Шадиев Улуттук кардиология бөлүмүндө дарыланууда.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.