Дамирбек Асылбек уулунан мандат алынып, ордуна жаңы депутат келди

Дамирбек Асылбек уулунан мандат алынып, ордуна жаңы депутат келди

Казакстанда камалган «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулунун депутаттык мандатын алуу маселеси бүгүн БШКда каралып, алынды. Анын ордуна «Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги Руслан Чойбеков келди.

Эскерте кетсек, быйыл 15-16-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары 29 киши кармалган. Алардын арасында  Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да болгон. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы ал маалыматты четке кагып, баласы Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айткан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.