Президент Нуржан Шайлдабекованы кызматтан кетиреби?

Президент Нуржан Шайлдабекованы кызматтан кетиреби?

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алганы тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Шайлдабекова 2018-жылдын 13-майына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берген. «Токтогул шаардык кеңешине шайлоого 6 партия катышат, алар 21 мандат үчүн күрөшөт. Шайлоого үгүт иштери башталды. Шайлоо комиссияларынын курамдары бекитилди», — деп билдирген БШК төрайымы.

Эсиңиздерде болсо керек, президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин башпрокурор Индира Жолдубаеваны, УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевди кабыл алып, көп өтпөй кызматтан кетирген. Ошондон улам, Нуржан Шайлдабекованы да кабыл алып, анан кетиреби деп үмүттөнүп, жакшы төлгө кылып атабыз. Кетирсе туура эле болот, себеби, бул айым президенттик шайлоого чейин жана шайлоо учурунда көп туура эмес иштерди кылып, чоң ката кетиргенин баарыбыз эле көрбөдүк беле!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.