Сапар Исаков Болот Сүйүнбаевди Финполдун башчысы кылды

Сапар Исаков Болот Сүйүнбаевди Финполдун башчысы кылды

УКМК башчысынын орун басарлык кызматынан жакында эле кеткен Сүйүнбаев Болотбек Турарович бүгүн Финполдун башчысы болду. КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалышына премьер-министр Сапар Исаков бүгүн буйрук чыгарып, ага кол койду.

Сүйүмбаев Атамбаевдин ишенимдүү кишилеринин бири

Б.Сүйүмбаев боюнча айта кетсек, ал экс-президент Атамбаевдин ишенимдүү кишилеринин бири. Ал көптөгөн жылдар бою Атамбаевдин жеке жансакчысы болуп иштеген. Атамбаев президент болгондо аны кызматка көтөргөн. 2016-жылдын май айында Талдоо жана коркунучтарды божомолдоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Андан кийин, УКМК төрагасынын орун басары болгон. Атамбаев былтыр 22-ноябрда УКМКнын кызматкерлерине сыйлык жана саат берген. Ошондо “КРнын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине кошкон олуттуу салымы үчүн” деп Болотбек Сүйүмбаевге “генерал-майор” аскердик наамын тапшырган. Генерал-майор быйыл, 7-апрелде УКМК төрагасынын орун басарлыгынан кеткен. А.Сегизбаев экөө бир күндө чогуу кетишкен. Эми минтип кайра кызматка келип олтурат.

Исаков өз билемдик кылдыбы, же?..

Демек, президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмаз Атамбаев тил табышкан. Анын кадрларын кайра кызматка кое баштады. Сапар Исаков кол койгону менен ал президент менен акылдашат. Эгер акылдашпай, өз алдынча кызматка коюп койсо, анда иш “чатак”.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.