Бүгүн Исаков үч фракцияга отчет берет, эгер ордуна Кенекеевди жиберип койбосо…

Бүгүн Исаков үч фракцияга отчет берет, эгер ордуна Кенекеевди жиберип койбосо…

40 жаштагы премьер-министр Сапар Исаковдун 2017-жылдагы отчетун бүгүн «Ата Мекен», «Республика – Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары угат. Фракциялардын жана комитеттердин баасынан кийин, анын отчету Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эртең каралат. Ошентип, ушул жума Сапар Исаковдун тагдыры чечилет.

КСДП менен “Кыргызстан” фракциясы отчетту жактырган

Буга чейин, өткөн жумада КСДП менен “Кыргызстан” фракциялары Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн 2017-жыл үчүн отчетун жактырган. Ал эми оппозициядагы «Республика — Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары “отчет берүүдөн качып койду” деп премьердин өзү келбегенине нааразы болуп, өкмөттүн отчетун угуудан баш тартышкан. Бул боюнча Өкмөттүн басма сөз кызматы Сапар Исаков качпай эле, жумушчу сапары менен жүргөнүн айтып, анын ордуна отчет бере турган адам катары вице-премьер Дайыр Кенекеев дайындалганын билдирген. Бүгүн да ордуна Кенекеевди жиберип койбосо…

 Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.