“Президенттин аппаратынын жетекчилеринин биримин” деп коркуткан адам кармалды

“Президенттин аппаратынын жетекчилеринин биримин” деп коркуткан адам кармалды

Мындай маалыматты “Турмуш” сайты жазып чыкты. Алардын айтымында, 1984-жылы туулган Э.Д аттуу жаран УКМК тарабынан кечээ кармалган. Э.Д. 12-апрелде Ысык-Көл облусунун жетекчиси менен Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондду башкаруу боюнча дирекциясынын жетекчисине телефон чалып: “президенттин аппаратынын жетекчилеринин биримин” деп өзүн тааныштырып, аталган фонддун жетекчисинин мурдагы орун басарын кайрадан кызматка алууну талап кылган. Атүгүл “аткарбасаңар иштен алдырам” деп коркуткан. Минтип чалган адамды тиешелүү органга билдирип, номерин текшерте келсе, ал дирекциядагы каражаттарды менчиктеп алуу боюнча кылмыш ишке тиешеси бар адам болуп чыккан. Ушундан улам УКМК алдамчы адамдардан сак болууга жана шектүү чалуулар болсо, дароо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.