Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Парламентте саясий өлүк отурат” дегени үчүн Сапар Исаковду сотко бересизби”

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Парламентте саясий өлүк отурат” дегени үчүн Сапар Исаковду сотко бересизби”

ЖК депутаттары жаңы өкмөттүн талапкерлигин кароого кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттүн программасын, структурасын жана курамын карай турган болгондо депутаттар танапис сурап, жарым саатка комитеттин отурумуна чыгып кетишти. 98 депутат катышууда.

Бул маселени карардын алдында, депутат Иманалиев Каныбек Капашович кечээ “Апрель” телеканалына барып, түз эфирден сүйлөгөн Сапар Исаковдун сөзү боюнча төрага Дастан Жумабековго мындай деп кайрылды: “Урматтуу төрага, кечээ Сапар Исаков бизди, 120 депутатты “саясий өлүк” деди. “Кыргыз парламенти бүт дүйнөгө уят болду”,-деди.  Парламентте 120 “өлүк” отурабы? Парламенттин аброюн, кадырын, беделин сактап калуу керек! Сапар Исаковдун бул сөзү үчүн аны сотко бересизби же эмне кыласыз? Бул боюнча өз позициянызды билдириңиз, бул өтө маанилүү”,-деди. Ал эми төрага Сапар Исаковдун бул сөзү боюнча мыйзамдуу териштирүү болоорун айтты.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.