Зордуктоого шектелген баланы сабап, крокодилге ыргытышты…

Зордуктоого шектелген баланы сабап, крокодилге ыргытышты…

Бул окуя Мексика мамлекетиндеги Сан-Франциско-Ихуатлан шаарындагы Оахака штатында болгон. Ал жерде зордуктоого шектелген 20 жаштагы баланы калкыган калк крокодилге салып бергени тууралуу Newsweek басылмасы жазып чыкты. Алардын айтымында, шектелген бала эки аялды зордуктоого аракет кылган, бирөөсүн өлтүрүп кое жаздаган. Аны полиция кармап камакка алган. Камакта отурган жерине «эл деген сел» дегендей, жоон топ адамдар кирип барып, түрмөдөн алып чыгып паркка сүйрөшкөн. Калың калкка полициянын алы жетпей калган. Шектелген баланы парктан жылаңачтап, аябай сабап, анан камалып турган крокодилге ыргытышкан. Полициялар куткарып калып, эс учун жоготкон баланы ооруканага жеткирип, ал жерге кароол коюшкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.