Алтынбек СУЛАЙМАНОВ: “Текебаевге туура эмес иштер болгонун коомчулук көрүп турат”

Алтынбек СУЛАЙМАНОВ: “Текебаевге туура эмес иштер болгонун коомчулук көрүп турат”

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Азаттык» радиосуна берген маегинде «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу боюнча акыйкаттыкты айткан. Эл өкүлү: “Текебаевдин маселеси боюнча азыр коомчулукта көтөрүлүп жатат. Ал кишинин маселесин башынан караса деген ойдомун. Туура эмес иштер болгонун коомчулук көрүп турат да. Бул жеке позициям. Ишин башынан караса, туура болот эле. Ал киши менен бир убактарда каршы болуп турган мезгилдерибиз болду. Ал деле адилеттүүлүк үчүн болчу. Азыр деле адилеттүүлүк үчүн айтышым керек, ал кишинин ишин кайра караш керек”,-деген.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев былтыр февраль айынын аягында чет өлкөдөн иш сапарынан келе жатканда “Манас” аэропортунан УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. Аны менен кошо дал ошол күнү Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга «орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган» деген айып тагылып, сот ар бирин 8 жылдан эркинен ажыраткан. Учурда Өмүрбек Текебаев №47 абакта,  Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.