“Райым-миллион” Сапар Исаков менен сотто жолугуша турган болду

“Райым-миллион” Сапар Исаков менен сотто жолугуша турган болду

“Райым-миллион” атыккан Райымбек Матраимов Сапар Исаковду сотко бергени маалым болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты (Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы) журналисттерге ырастады.

Искендер МАТРАИМОВ: «Сапар Исаковду сотко бергенин колдойм»

Депутат Искендер Матраимов “Азаттыкка” инисинин негизсиз жумуштан алынганы боюнча мындай деген: “Инимди 23-ноябрда жумуштан алганда биз эч нерсени түшүнбөй калдык. Бул биз үчүн күтүүсүз болгон. Мен ошол замат премьер-министр Сапар Исаковго кирип, жөн жайын сурагам. Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев “кызматтан бошот деп айтты, ошондуктан мен иштен алдым”,- деди. Атамбаев кийин маалымат жыйынында өзү деле “Матраимовду бошот деп мен айткам”,- деди го. Бул маселеде дагы башка жагдайлар бар, алар кийин ачыкка чыгат. Ошондуктан иним Райымбек Сапар Жумакадыровичти сотко берди. Сотко бергенин мен да колдойм, ал өзүнүн актыгын далилдеши керек. Анын сотко кайрылгандагы максаты кызматка кайра келиш эмес, күнөөсүз жумуштан алынганын тастыктоо. Иним эч жакка качкан жок, учурда саясатка аралашпай эле спорттук клубун иштетип жатат”.

Эскерте кетсек

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган, андагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругунун негизинде иштен четтетилген.

«Икрам досум жана Атамбаевдин жардамы менен Бажыга келгем»

Атамбаевге жооп кайтарганы боюнча бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.