УКМК: “Сапар Исаков ЖЭБ боюнча суракка чакырылды”

УКМК: “Сапар Исаков ЖЭБ боюнча суракка чакырылды”

Бүгүн экс-премьер-министр Сапар Исаков Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына УКМК суракка чакырганын жазып, чакыруу кагазын жайгаштырды. Ал кагазда бүгүн (26-апрелде) саат 15:00го чакырылганы жазылган.

Бул чакыруу боюнча УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иштин негизинде күбө катары чакырылган.

Эсиңиздерде болсо керек, быйыл кыш чилдеде бир жума жылуулук берилбей үшүп, суулар тоңуп, түтүктөр жарылып, сынып жүдөгөнбүз. Бул боюнча ЖЭБден кызматтан кеткен кызматкерлер эле болбосо, акчаны “жеп” алган чыныгы күнөөлүү адам табыла элек. Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жаратып келет. Бул боюнча маселе көтөрүлүп, кылмыш иши козголуп, тергеле баштаган.

И баса, бүгүн «Райым миллион» ат менен таанымал болгон Райымбек Матраимов Сапар Исаковду сотко бергени тууралуу маалым болгон. Ал боюнча ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.