Казакстандык Аубакирге 100 000 доллар алдаткан кыргызстандыктар Нурсултан Назарбаевге кайрылышты

Казакстандык Аубакирге 100 000 доллар алдаткан кыргызстандыктар Нурсултан Назарбаевге кайрылышты

Чет элдик жаранга акчасын алдаткандар Кыргызстандан ишкерлик кылууга ар бир өкмөт жеңилдиктерди берип келет. Айрыкча, “инвесторлорду чочутуп албайлы, инвестор келсин!” деген максатта сырттан келген ишкерлерге бир кыйла жеңилдиктер бар. Бирок, Кыргызстандын так эмес жазылган мыйзамдарына жооп бербей турганын, чиновниктерди сатып алып болсо дагы кутулуу жеңил экенин билген айрым чет элдик ишкерлер мыйзамды одоно бузган учурлары катталып келатат.

Бул боюнча, алыс кетпей эле, жакында эле болгон окуяны мисалга алсак болот. Кыргызстандык бир нече кишини алдап кеткен казакстандык ишкер тууралуу маалымат тарады. Анда бир жыл мурда Казакстанды Акмола облусунун тургуну Аубакир Мухамеджанов “ht альянс” аттуу компания ачып, ага кыргызстандык кишилерди, 50гө жакын адамды ишендирип, банкка акча салдырган. Акчаны көбөйтүп берүүгө, тагырагы, банкка акча салып пайыздык көбөйткөндөй эле убаданы берген. Убадага ишенип, Аубакир Мухамеджановдун “ht альянс” компаниясына ар бир жаран эң аз дегенде эле — 1000 АКШ долларын, айрымдары андан дагы көп суммадагы акча салышкан. Бирок, убакыт өтүп, жарым жылга жетпей, “компания иштебей калды” деген жоопту угуп, акчасын ала албай калышкан. Аубакир Мухамеджанов ушул кезге чейин бир дагы кишинин акчасын бербей качып жүргөн учуру. Ушуга байланыштуу акчасын алдатып жибергендер Казакстандын тийиштүү органдарына, ал тургай президент Назарбаев Нурсултан Абишовичке да кайрылууга аргасыз болушту.

Урматтуу Нурсултан Абишович!

Биз, Кыргызстандын жарандары, Мухамеджанов Аубакир аттуу Казакстандын жараны элди алдап, качып жүргөнүнө байланыштуу сизге кайрылып жатабыз. Акмола облусунун тургуну А.Мухамбеджанов 2007-жылы, октябрда Кыргызстандык айрым адамдардын билбестигинен пайдаланып, “жакшы пайда түшөт” деп алдап, акча котортуп алган. Тагырагы, 100 000 АКШ долларын Аубакирден ала албай жүрөбүз. Бүгүнкү күндө Мухамеджанов Аубакир жооп бербей, алган акчаларын бербей качып жүрөт.

Урматтуу, Нурсултан Абишович, ушул жаранга карата мыйзамдуу иш-чара колдоносуз деп ойлойбуз!

Нургүл КУРАМАЕВА,

Ирина КАДЫРАЛИЕВА,

Айзада БЕКБОЕВА,

Райкүл МАМБЕТОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.