Өз кызын зордуктап, Баткенден качып кеткен киши Орусиядан кармалды

Өз кызын зордуктап, Баткенден качып кеткен киши Орусиядан кармалды

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Арстан Усанов журналисттерге билдирген. Анын айтымында, Баткен облусунун 44 жаштагы тургуну өзүнүн канынан жаралган кызын зордуктап качып кеткен. Ага эл аралык издөө жарыяланган, ошонун негизинде ал Орусиядан кармалып, Баткенге алынып келинген. Ал эки жыл бою (2016-жылдан бери) өз кызын зордуктап жүргөнү, 16 жаштагы кызынын боюна бүтүп калганы, аны билип калган аялы менен кайын энеси кызын Тажикстанга алып барып, боюнан алдырганы аныкталган.

Бул кишиге “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда милициянын убактылуу кармоочу жайында экенин, соттук териштирүүгө чейин ошол жерде камакта болоорун Арстан Усанов билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.