Президенттин алдында эки мотоцикл кагышты (ВИДЕО)

Президенттин алдында эки мотоцикл кагышты (ВИДЕО)

Бүгүн Франция мамлекети Бастилияны алуу күнүн майрамдашты. Улуттук майрамдын урматына парад болуп өттү. Парадда, өлкө президенти Эммануэль Макрондун көз алдында эки мотоцикл кагышты. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүздөр!

Жээнбековдун Макронго жөнөткөн каты

Бүгүн эртең менен президент Сооронбай Жээнбеков Франциянын президенти Эммануэль Макронду жана француз элин улуттук майрам — Бастилияны алуу күнү менен куттуктаган. Андан мындай деп жазылган: «Франция Республикасынын улуттук майрамы — Бастилияны алуу Күнү менен чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз. Ар түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун позитивдүү динамикасын жана көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы өнөктөштүк өз ара аракеттешүүбүздүн жогорку натыйжалуулугун канааттануу менен белгилейм. Биргелешкен күч-аракет менен, биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кыргыз-француз байланыштарынын бүтүндөй комплексин мындан ары өнүктүрүүнү камсыз кылабыз деп ишенем. Сизге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматында мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Франциянын дос элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”.

Былтыр С.Жээнбеков президент болуп шайланганда Франция президенти Э.Макрон куттуктап, Францияга чакырган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.