Каныбек  МЫРЗАКАНОВ: “Салянова эмес, баарын кылган Атамбаев…”

Каныбек  МЫРЗАКАНОВ: “Салянова эмес, баарын кылган Атамбаев…”

Кечээ, 3-июнда, экс-прокурор, экс-депутат Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулганы боюнча ИИМге суракка чакырылып, камакка алынды. Тууганы Чынара Турдалиеванын айтымында, Аида Жеңишбековна түшкү саат үчтө чакырылып, камакка алынган. Сурак маалында мурдагы аскер прокурору Майрамбек Акматалиев жана башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова менен беттештиришкен. Ошондон кийин тергөөчүлөр А.Салянованы камакка алуу тууралуу чечим кабыл алып, камап коюшкан. Камакка алынганын уккан туугандары, тарапташтары, депутаттар, журналисттер ИИМдин алдына барып, түнкү саат бир жарымга чейин турушту. Журналисттер түз эфир берип жатышты. Алгач баягы эле активист адвокат Искен Афиджанов түз эфир кылып, мурунку вице-спикер Асия Сасыкбаеваны, жабырлануучунун сиңдиси Чынара Турдалиеваны сүйлөттү. Андагы алардын айтканы боюнча видеону бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрүп, окусаңыз болот.

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: “Аида Саляновага дарылары берилди”

Депутат Алмамбет Шыкмаматов Аида Жеңишбековнанын абалы боюнча журналисттерге учкай маалымат берди. Анда жабырлануучуну ким соодалашып абакка отургузганын ачыктады. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕдеги видеодон көрсөңүз болот.

Салянова 48 саат камакта калды

Ошентип, Аида Салянованын 48 саат камакта калганын уккан эл үйлөрүнө түнкү саат бир жарымда тарап, таң эрте кайрадан ИИМдин алдына келээрин айтып, кейип кетишти.

Депутат А.Шыкмаматовдун айтымына караганда, бүгүн Аида Жеңишбековнанын баш коргоо чарасы каралат. Сот кандай чечим чыгарат, аны бир Кудай билет, аларга да ишенич жок. Ошентсе да, үмүт үзбөй туралы.

“Ойгонбойлубу, кыргыздар!»

Дейт Аида Салянованы ар дайым колдоп келген тарапташы Каныбек Мырзаканов. Дайыма чындык үчүн күрөшүп, калыстык, акыйкатты айтып келген, Атамбаевдин колунан сыйлыгын албай койгон чоң тамгалуу бул адам Аида Салянованын камалганын караңгыда угуп калганы үчүн эле Канттан келе албай калды. Болбосо дайыма жубайы экөө жетелешип Бишкекке келип, ачуу чындыкты микрофондон айтып эле жүрүшөт. Бу жолу да ачууланып, “Фейсбуктагы” баракчасына буларды жазды: “Эй, кыргыздар, Текебаевди еврейлер Маевский менен Модиндин сөзүнө ишенип каматтык. “Атамекенчилерди” “марадерлор” деп айткан өзбектер Абдулла Юсупов менен Анвар Артыковго ишендик. Эми чечен Батукаевди себеп кылып, калган кыргыздарды камайлы. Ал эми баарын кылган Атамбаев, жыргап жүрө берсин….. Кыргыздар, бизде биримдик, намыс барбы? Өз өлкөбүздө өзүбүздү- өзүбүз кордой турган болдук го! Жетишет, ойлонбойлубу! Аида Жеңишбековна кыргыз мыйзамдарын так аткаргандыгы үчүн күнөөлөнүп жатат. Ал кылмышкер эмес. Эгер ушундай жол менен бара турган болсок, анда азыркы генпрокурор Өткүрбек Жамшытовду да алдыда ушундай эле тагдыр күтүп турат. Себеби, чыныгы юристтер мыйзамга гана баш ийиш керек! Саясий кызыкчылык эмес! А биз болсо эмоцияга алдырып биринчи рольго саясий кызыкчылыкты койгондугубуздан, саясий куугунтуктар токтобой жатпайбы”,-дейт К.Мырзаканов.

Каныбек мырзанын айтканында калет жок. Кыргыздар, ынтымакка келип, акты ак, караны кара дейли. Нак күнөөлүүлөрдү каматууну талап кылалы. Мунун баарын кылган чынында башка адам, ал ким экени аталып эле жатат, бирок, президент ага маани бербей келгени өкүндүрөт. Бүгүн эми соттордон калыстыкты күтөбүз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.