Чүйдүн губернатору олуттуу суроого орундуу жооп бербей күлсө, мэрия элди ынтымакка чакырды (ВИДЕО)

Чүйдүн губернатору олуттуу суроого орундуу жооп бербей күлсө, мэрия элди ынтымакка чакырды (ВИДЕО)

Чүй облусунун губернатору Тургунаалы Абдраимов Сокулук районуна караштуу Орок айылындагы көйгөйлүү маселени жеринен чечүү үчүн барып, мамлекеттик каналга жооп берип жаткан жерине башка каналдын, сайттын журналисттери барып суроо узатса, “мен 24 каналга гана жооп берип атам, калганыңардын тиешеңер жок”,- деп качыптыр. “Эмнеге?”,-дешсе, артына кайрылып: “мага сенин кебетең жакпайт, абдан жагымсыз экен”,-деп ырсаңдаптыр. Аны ВИДЕОдон көрүңүз!

Губернатордун ушул мамилесинен улам, бүгүнтөн баштап журналисттер да, “андан таптакыр интервью албайбыз! Бизге да анын жүзү жакпайт”,-деп, орусча айтканда, байкот жарыялап жатышат. Туптуура, биз кесиптештерибизди колдойбуз! Себеби, ал жерге журналисттер жыргап барган жок. Олуттуу маселени чечели, болгон чындыкты чоңдордун оозунан угуп, чагылдыралы деп орундуу суроо берсе, ал “оюн” кылып, ырсаңдап жатпайбы. Биринчиден, мындай мамиле маданиятка жатпайт. Экинчиден, журналистти тандап жооп берүүгө акысы жок. Мыйзам боюнча, бардык журналисти бирдей көрүп, суроосуна жооп бериши керек! Үчүнчүдөн, кесиптешибизди басынтып, шылдыңдаганы үчүн кечирим сурап, жоопко тартылышын талап кылабыз! Төртүнчүдөн, өзүн деле күзгүдөн бир карап койсо болмок экен…

Ороктогу жаңжалды басууга министр, элчи барды…

Эскерте кетсек, бүгүн, 5-июнда Сокулук районуна караштуу Орок айылында жарандар (кыргыз, түрк) ортосунда жаңжал чыккан. Тагырагы, айт намаздан кийин өспүрүмдөр арасында мушташ чыгып, эки бала Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Ал жерге (Орок айылына) Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат барып, жергиликтүү эл менен сүйлөшүп, жөнгө салуу аракетин көргөн. Андан мурун жаңжалды жөнгө салуу үчүн ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев, анын орун басары, милиция кызматкерлери барышкан. Милициялар топтошкон балдарды бирден кармап, автобуска салып, Сокулук РИИБге жалпысынан 31 адамды алып кетишкен. Андагы кармалгандардын 25и саат 23:25 чыгып жатканын журналисттер билдирүүдө. Кармоо жайынан чыккан балдар милиция тарабынан басым же кысым болгонун, күбө катары гана сурак бергенин айтышкан. Күндүз жүктөлүп кетип, кечинде бошотулган балдардын ВИДЕОсун төмөндө көрсөңүздөр болот.

Мэрия элди сабырдуулукка, ынтымакка чакырды!

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев элди сабырдуулукка чакырды. “Ар дайым өлкө башына кыйын убакыт түшкөндө Жаратканга кайрылам, жалынам, “кыргызды, элди, жерди сактай көр”,-деп. Кагылайын журтум, сабырдуу бололу, ушул ыйык күндө, акыл калчап, кеңешип, кыйчалышта бири-бирибизге дем болуп, кызыл кандуулукка алдырбай, демибизди басалы. Өлкө биздики, ал жалгыз. Ороктогу окуяларды ийне-жибине чейин коопсуздук органдары териштирип жатат. Чындык жакында чыгат. Калаа башчыбыз Азиз Суракматов орун басарлары менен бардык кызматтары менен жумуш ордундабыз. Штаб иштеп атат”,-дейт Б.Түлөбаев.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.