Атамбаев бийлигинде Текебаевдин кызы ыйласа, Жээнбековдун бийлигинде Салянованын үч жаштагы кызы ыйлады (Аянычтуу ВИДЕОлор)

Атамбаев бийлигинде Текебаевдин кызы ыйласа, Жээнбековдун бийлигинде Салянованын үч жаштагы кызы ыйлады (Аянычтуу ВИДЕОлор)

Бүгүн, 5-июнда, Орозо айтта, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралып, 26-июнга чейин камакта кармоо чечими чыкты. Сот жараянга жактоочусунан башка эч ким киргизилген эмес. Эки күндөн бери “маалкатып”, апасын, балдарын, туугандарын, тарапташтарын күттүрүп атып, ушундай чечимди бат эле чыгарып коюшту. Эки күн күттүрүштү.

Эски көрүнүш кайталанды…

Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдон аябай эле үмүт кылганбыз. Бүгүн ошол бүлбүлдөгөн үмүткө суу чачылды. Баягыдай эле, Атамбаевдин бийлигиндей эле көрүнүштөр болууда… Билинбей азыркы бийлик мурунку бийликтин көчүн улап жаткандай…

Өмүрбек Текебаевдин кызынын ыйлаганы…

Өмүрбек Чиркешовичтин кызын сагынып жазган ырын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Аида Салянованын үч жашар кызынын чыркыраганы…

 

Балдардын, эненин көз жашы кимге? Силерде эне, бала деген барбы, деги өзү?! Дегеле биздин өлкөдө канча мыйзам иштейт? Мыйзам боюнча, кичинекей кызы бар эне үй камагына чыгышы керек эле го.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.