ЧУКУЛ КАБАР: Аида Салянованын иши тууралуу жыйын эртең менен,  түштөн кийин Улан Саляновдун соту болот

ЧУКУЛ КАБАР: Аида Салянованын иши тууралуу жыйын эртең менен,  түштөн кийин Улан Саляновдун соту болот

Бүгүн, 11-июнда экс-депутат Аида Салянованын иши боюнча “24 kg” маалымат агенттигинде, саат 11:00до пресс-конференция болот. Ага адвокат Рабига Садыкова, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова катышып, журналисттерге маанилүү маалымат берет.

Түштөн кийин Улан Саляновдун соту болот

Ушул эле күнү, түштөн кийин, Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү тууралуу соттук жараян болот. Ал саат 15:00до башталат. Маркумдун өлүмү боюнча акыркы соттук отуруму 19-апрелде болгон. Анда кылмыш ишинде негизги күбө катары өтүп жаткан Олег Тярт көрсөтмө берген. Ошондон бери ар кандай жүйө айтылып, сот улам артка жылып келатат. 14-майдагы териштирүү айыпталуучунун адвокаты келбей калганына байланыштуу 24-майга жылган. Ал күнү да Жогорку соттун жыйынына байланыштуу 11-июнга жылган.

Эскерте кетсек, маркум Улан Салянов мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө канкорлор кирип, аны атып кетишкен.

Урматтуу кесиптештер, адамдын башына мүшкүл иш түшүп турганда, жардам берели! Бир тууганынан ажырап, улам соттун жылышына, мыкаачылар жасаланбай жатканына жаны кейип турган Аида Жеңишбековна ак жерден, жалган жалаа менен темир тор артында калганы баарыбызга эле белгилүү эмеспи. Муну мурунку, азыркы саясатчылар мыйзам бузуу болгонун тастыктап берди го. Аида Салянованы камоо Конституцияга каршы келээрин экс-депутат Өмүрбек Текебаев кечээ билдирсе, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков буга чейин Баш мыйзам бузулганын айткан. Ошондуктан укук коргоочулардын жыйынына, аны менен катар келген маркум Улан Саляновдун сотуна келип, катышып, чагылдырып берүүңүздөрдү суранабыз!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.