“Күнкарама”сот Салянованы кайрадан камакта калтырды. Тарапташтары Ак үйдүн алдына баратышат

“Күнкарама”сот Салянованы кайрадан камакта калтырды. Тарапташтары Ак үйдүн алдына баратышат

Бүгүн, 5-июлда, Бишкек шаардык соту камактагы мурдагы прокурор, мурдагы депутат Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды. Сотко Салянова катышкан жок. Адвокатынын айтымында, аны менен кечээ жолугуп чыкканын, ден соолугу начарлап, дем ала албай калып жаткан.

Ден соолугу начарлап жатса, өзү катышпаса, бу эмне деген сот? Жок дегенде үй камагына чыгарып койсо, келип турат эле да. Дегеле Салянова СИЗОдо мыйзамсыз отурат. Нак буйрук берип, аты аталган Атамбаев бош жүрбөйбүБул эмне деген бийлик?”,-деген Салянованын туугандары, жакындары жана тарапташтары соттун чечимине нааразы болуп, каргап, Ак үйдүн алдына баратышат. Алар эртең мененки саат 9да эле парламенттин алдына плакаттары менен келишкен. Плакаттарында: «Саляновага саясий куугунтукту токтоткула!», «Рысалиев курортто, Салянова СИЗОдо», «Салянованын күнөөсү жок. Акталсын», «Саляновага боштондук»,- деген жазуулары бар.

Эскерте кетсек, буга чейин Биринчи май райондук соту Салянованы 26-августка чейин камакта калтырган чечим чыгарган, ошону бүгүн шаардык сот күчүндө калтырды. Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошогону тууралуу 3-июнда суракка чакырылып, 48 саатка камакка алынган. 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту бөгөт чарасын карап, 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечимин чыгарган. Салянованын ден соолугу начарлап, 15-июнда ооруканага которулуп, дарыланып жаткан, анан эле (он төрт күндөн кийин) жакшы боло электе кайра тергөө абагына жеткирилген. Айтор, түшүнүксүз болууда. Аида Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева: “Рысалиев курортто, Салянова СИЗОдо, бул акыйкатсыздык” деп айткандай эле болууда. Нак күнөөсү бар, дал ошол депутат Зарылбек Рысалиев. Ал Атамбаевдин буйругун аткарган. Батукаев бийликтин буйругусуз бир заматта бошоп, анда да аны атайы кайтаруу менен Бишкекке келип, даяр турган самолет менен учуп кетип жатат. Атамбаев чындап кийлигишпесе, ошол замат реакция алып, чыр чыгармак. Атамбаев менен Рысалиев камалсын!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.