7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевдин үйүндө болгон окуялар боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Анын ичинде ИИМдин мурунку орун басары Курсан Асанов да бар.
Анын баласына издөө жарыяланганын бүгүн (29-августта) Башкы прокуратура маалымат таратты. Алардын маалыматына караганда, 8-августта К.Асановдун жансакчысы Пайзылда уулу Дамирбек аркылуу Атамбаевдин үйүнөн маанилүү буюмдарды, документтерди жана башка керектүү нерселерди алып чыгып кеткени аныкталган. Ал 8-августта саат 21:00-21:15 чамасында, ИИМдин имаратынын жанында К.Асановдун тапшырмасы менен буюмдарды анын баласы Мухаммед-Али Асановго өткөрүп берген. М.Асанов болсо аны А.Атамбаевдин тарапташтарына өткөрүп бермек.
Эскерте кетсек, 27-августта К.Асановго Жазык кодексиндеги 43-берененин 2-бөлүмү (кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү), 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жатканы билдирилген. Ошол эле күнү “аталган кылмышка катыштыгы бар” деген шек менен анын уулу (1997-жылы туулган) М.Асановго карата кылмыш иши козголуп, сыртынан камакка алуу чечими чыгарылган. Ошондон кийин ага издөө жарыяланган.
23-августта К.Асановдун жансакчысы Пайзылда уулу Дамирбек да кармалып, ага кылмыш иши козголуп, камакка алынган.
Колдон колго өткөрүлгөн документти төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы