Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан «Дордой Моторс» базары жактан өспүрүм кызды сабаган адам изделип жатканын бүгүн, 11-октябрда Ленин РИИБси «АКИпресске» билдирген. Алардын айтымында, бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбашчылык») менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Учурда шектүү адамды издөө иштери жүрүп жатат.
Видеону бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрсөнүз болот.
https://t.me/akipress/5427
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
One thought on “ВИДЕО — Жаш кызды сабаган адам изделүүдө. Тапканга жардам кылыӊыздар!”