Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Кыргызпатентке» эмнеге барды?

Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Кыргызпатентке» эмнеге барды?

КРнын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана “Инновация” коомдук кыймылы кызматташтык тууралуу меморандумга кечээ, 31-майда, кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы бүгүн, 1-июнда, билдирди.

Алардын айтымында, жолугушууга «Кыргызпатенттин» директору Динар Молдошева жана “Инновация” коомдук кыймылынын негиздөөчүсү, мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышты.

Эки тарап өз ара кызматташуу багыттарын аныктап, инновацияларга негизделген социалдык ишкердикти ишке ашырууга көмөктөшүү жана аларды шыктандыруу жолу менен региондорду илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Меморандумдун алкагында тараптар инновациялык долбоорлорду илгерилетүү, Кыргызстандын жарандарынын чыгармачылык демилгелерин колдоо жана региондорду өнүктүрүү үчүн  биргеликте иш аракеттерди жасашат.

Мамлекеттик органдар менен коомдук уюмдардын эффективдүү өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн эске алып Кыргызпатент “Инновация” коомдук кыймылына Кыргызпатенттин инновациялык борборунан аянтча бөлүп берет.

Аталган документке Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Жоодарбек Жумабаев жана “Инновация” коомдук кыймылынын төрагасы Темирлан Касымовдор кол коюшту.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.